Кечээ, 28-апрелде, Согди делегациясы менен сүйлөшүү аяктап маселе чечилип калганда, саат бештерде, чагымчылдык болуп кетти. Алардын чиновниктери жетекчилеринин сөзүн укпай койду. Бул маалыматтарды өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарымды укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев айтты.
"Кыргыз-тажик чек арасында бүгүн абал турукташып бара жатат. Акимчилик, айыл башчылары, күч түзүмдөрү иштөөдө. Кечээтен тарта абалды турукташтыруу менен алекпиз. Азыр абал өзгөрүлмөлүү болуп бир тынчып, кайра жаңжал чыгып кетип жатат. Элдин коопсуздугун сактоо максатында алдын ала иш жүргүзүп жатабыз. Кечээ, 28-апрелде, Согди делегациясы менен биздин делегациянын сүйлөшүүсү аяктап маселе чечилип калганда, саат бештерде, чагымчылдык болуп кетти. Алардын чиновниктери жетекчилеринин сөзүн укпай койду", — деди Суваналиев.
Облус башчысы абалды курчутууга кызыкдар күчтөр болуп жатканын белгиледи.
"Абал азыр көзөмөлдө. Чек арада ызы-чуу, провокация болорун алдын ала сезип турдук... Азыр абалды курчутууга жеткире турган күчтөр бар, бирок биз эки элдин ортосундагы кагылышууга жол бербейбиз. Бүгүнкү күндө Согди облусунун губернатору талаштуу камераны алыш керектигин айткан. Акыркы күндө Исфаранын акими аны укпай коюп, кагылышуу болуп кетти", — деп маалымдады Суваналиев.
Ал учурда так сүйлөшүү азыр боло электигин айтты.
"Учурда коомдук тартипти сактоо жана кайтаруу иштерин жүргүзүп жатабыз. Абал эмнеге мындай болуп кеткендигин биз тактап билишибиз керек. Айылдагыларды коопсуз жайга көчүрүүдөбүз. Бирин-серин ок атуу болгон, ал боюнча ИИМ башкармалыгы иштеп жатат. Айтайын дегеним, чагымчыл күчтөрдү изилдеп жатабыз", — деди облус жетекчиси.