Чек арачылар күчөтүлгөн тартипте иштөөсүн улантууда. Акыркы маалымат

3 мая 2021 Чек арачылар күчөтүлгөн тартипте иштөөсүн улантууда. Акыркы маалымат

УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат бөлүмү 3-майда саат 9.30га карата кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу экенин билдирет. Соңку түнү эч кандай чатак, ок атуу катталган эмес.

"Кыргыз-тажик чек ара тилкеси чек арачылардын көзөмөлүндө. Тараптар бардык кошумча күчтөрдү жана каражаттарды чек арага жакын жерден алып кетишкен. Эки тараптын коргонуу мекемелеринен түзүлгөн биргелешкен комиссия кошумча күчтөр турган аймактарды кароо ишин улантууда", — деп айтылат маалыматта.

УКМКнын Чек ара кызматынын бөлүмдөрү күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат.


sputnik