Коронавирус жуктурган ар бир үчүнчү бейтап жарым жылдан кийин психикалык жана нервдик оорулар менен жабыркайт. Мындай пикирге АКШ менен Улуу Британиянын окумуштуулары келгенин "Известия" Lancet Psychiatry журналына таянуу менен жазды.
8 апреля 2021Бишкекте мектептер 12-13-апрелде гана убактылуу жабылат. Бул тууралуу Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Элмира Иманалиева билдирди.
8 апреля 2021Ага ылайык, апта бүтүп бара жаткан күнү, тагыраагы, ишембиде өлкөнүн көпчүлүк аймактарында күн ачык болот. Ал эми жекшембиде кээ бир жерлерде жаан жаашы ыктымал.
8 апреля 2021Милициянын ыкчам-тергөө тобу тарабынан кызды ала качууга катыштыгы бар деген адамдар изделип, жыйынтыгында 29 жаштагы Р.А. аттуу шектүү кармалган. Ал тергөө кызматына жеткирилип, Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
8 апреля 2021"Т.З. аттуу адам 27 жаштагы К.А. аттуу кыз менен төрт айдан бери тааныш экени маалым болду. Ал автоунаа менен кызга келип жүргөн. Күбөлөрдүн айтымында, 36 жаштагы Т.З. тааныштарына өлтүрүлгөн кыз тууралуу көп айтып, ага үйлөнөрүн да билдирген", — деп жазылат маалыматта.
8 апреля 2021Социалдык тармактын колдонуучулары бири-бирин ИИМдин жетекчилигине каршы митингге чыгууга үндөп жатат. Эске салсак, буга чейин бир катар колдонуучулар ички иштер министринин кызматтан кетишин талап кылышкан.
8 апреля 2021Эске салсак, 5-апрель күнү эртең менен саат 7:00дөр чамасында Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинен үч бала 27 жаштагы кызды кызыл түстөгү унаага салып кеткен. Бул учур ошол жердеги кафенин видео байкоосуна тартылып калган.
8 апреля 2021Белгилей кетсек, окуя 5-апрель күнү эртең менен саат 7:30дар чамасында Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Кыздын эжесинин айтымында, үч бала сиңдисин кызыл түстөгү унаага салып кеткен. Бул учур жанындагы кафенин видео байкоосуна тартылып калган.
7 апреля 20212010-жылдын 7-апрели кыргызстандыктардын эсинде кандуу күн катары калды. Курманбек Бакиевдин бийлигин кетирип, өлкөгө адилеттүүлүк орнотуу үчүн ошол күнү 87 адамдын өмүрү кыйылган.
7 апреля 2021Ден соолукка залака келтирип же толуп кетпеш үчүн киши аптасына 1-2 гана жолу таттуу жеши керек. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине Москванын Саламаттык сактоо департаментинин башкы диетологу Антонина Стародубова билдирди.
7 апреля 2021Эл аралык метеорологиялык станциянын болжолуна ылайык, саатына 18 метеорго чейин болушу күтүлүүдө. Агым 14-апрелде жанданып, 30-апрелде токтойт.
7 апреля 2021Куткаруучулар бала ыйлап, чоңдордун шаштысын кетирбей, тескерисинче, чыдап, тынч турганын айтып беришкен. Казакстандын Көкшетау аймагында баланын алаканына дарбазанын шиш сымал темири кирип кеткенин 716.kz жергиликтүү басылмасына таянып Sputnik Казакстан жазды.
7 апреля 2021Кытайда үйлөнүп жаткан баланын энеси жаңы келген келин анын 20 жыл мурда жоголуп кеткен кызы экенин той өтүп жатканда билген. Бул тууралуу Oriental Daily басылмасы жазды.
7 апреля 2021Учурда ал эмне экени социалдык тармактарда талкууланууда. “Короче” Telegram каналына жарыяланган видеодо асмандан жарк этип түшкөн кубулушту көрүүгө болот.
7 апреля 2021Кыздын эжеси Дамира Казбекова сиңдисин кечээ, 5-апрель күнү, эртең менен саат 7:00дөр чамасында Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде үч бала кызыл түстөгү унаага салып кеткенин билдирди. Бул учур жанындагы кафенин видео байкоосуна тартылып калган.
7 апреля 2021Борбор калаадагы бала бакчалар кайрадан жабылып, мектептер аралыктан окууга өтөт. Бул тууралуу Бишкектин эпидемиологиялык комиссиясынын жыйынында чечим кабыл алынганын мэриянын маалымат кызматы билдирди.
7 апреля 2021Мусулман зыяратчылар Рамазан (орозо) айында Сауд Аравиянын ыйык жайларына барып, умра (кичи ажылык) амалдарын коронавируска каршы эки ирет вакцина алган учурда же ооруп айыккан болсо гана жасай алышат. Бул тууралуу саудиялык жаңылыктар агенттигине таянып РИА Новости жазды.
7 апреля 2021Кыргызстанда коронавируска каршы вакцина алгандардын абалы канааттандырарлык, эч кандай арыз-даттануулар түшкөн жок. Бул туурасында Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
7 апреля 2021Сейрек кездеше турган таланттын ээлери. Булар маңдайында турган адамдын оюн окуп коюшат. Ар бир ишке чыгармачылык менен мамиле кылышат. Мындай сары түскө жакын көздөр сейрек кездешет. Жакшы көргөн адамдарынан алыстагысы келбейт.
7 апреля 2021— Адистер дары-дармек жазып беришет, ошондой эле гимнастикалык көнүгүүлөр да жакшы жардам берет. Кээ бир учурда, маселен, табарсыкта жыртыктар болсо сөзсүз операция кылабыз. Андан коркпош керек. Гинекологиялык креслого жаткырып, жыныс кындан жасалат. Ал биздин Улуттук госпиталдын урология борборунда жасалып жүрөт.
6 апреля 2021Америкалык ишкер, Tesla жана SpaceX компанияларынын негиздөөчүсү Илон Маск соңку бир сутканын ичинде эле 6 миллиард долларга байып кетти. Бул туурасында Forbes Real-Time рейтингинде көрсөтүлүп турат.
6 апреля 2021Медайымдардын биринин айтымында, мышык бир топко чейин мыёолоп, дарыгерлерден жардам сураган. Карай келгенде балдарынын инфекциядан улам көзүн ача албай калганын көрүшкөн.
6 апреля 2021Кыргызстанда коронавирустун "британиялык" штаммы табылган жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги маалымдап, өлкөдө кайсы мамлекеттерде жүргөн вирустар бар экенин билдирди.
6 апреля 2021Үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинен тарта жеке жана юридикалык жактардан, мамлекеттик органдардан берилчү маалым каттар менен документтерди кагаз түрүндө талап кылуу жол-жобосу жоюлду. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
6 апреля 20216-9-апрель аралыгында жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшөрү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
6 апреля 2021Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2019-жылы балдар китебинин 177 800 тиражы чыкса, 2020-жылы 395 миң китеп басылган. Ошондо 12 балага бир китеп туура келип жатат. Ал эми жалпы калкты ала турган болсок, үч адамга бир китеп туура келет. Бул тууралуу Бакытбек Абдуллаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
6 апреля 2021Коронавируска байланыштуу мэрия Бишкек шаарынын айрым жарандарынан өзгөчө зарылдык жаралмайынча сыртка чыкпай туруусун өтүнөт. Бул тууралуу брифинг учурунда вице-мэр Айжан Чыныбаева билдирди.
6 апреля 2021Эпидемиологиялык абалды мониторингдөө учурунда Кыргызстан "кызыл", "сары" жана "жашыл зоналарга" бөлүнүп, учурда Бишкек шаары "кызыл зонада" турат. Бул тууралуу брифинг учурунда саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов билдирди.
6 апреля 2021Узак жашайм дегендер күнүнө беш жолу жашылча жана жемиш менен азыктанышы керек. Бул тууралуу Science and Technology Daily басылмасы жазды.
6 апреля 2021Ал колдонууга жараксыз болуп калган купюранын ордуна алмаштыруу үчүн чыгарылган, демек, анын катар номери да башкача болот. Мындай тираждагы банкнота чанда кездешкендиктен коллекционерлердин арасында жогору бааланат.
6 апреля 2021Адистер бир нече жыл бою 500 миң кишиге байкоо жүргүзүп көрүп, жыйынтыгында 65 градустан ашкан чайды көп ичүү кызыл өңгөч рагына кабылуу тобокелчилигин жогорулатат деген тыянак чыгарышкан.
6 апреля 2021Адамды беймаза кылган зарынадан арылуунун жолдорунун бири — жатканда баш жакты бийигирээк кылып уктоо зарыл. Бул тууралуу гастроэнтеролог-гепатолог дарыгер Ольга Аришеванын айтканына таянып РИА Новости жазды.
6 апреля 2021Кыргызстандык белгилүү офтальмолог Михаил Медведев каза болду. Бул тууралуу маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигине Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасынын жетекчиси Гүлжигит Аалиев тастыктады.
6 апреля 2021Сокулук районунун Күнтуу айылынын жака белинде өрттөнүп кеткен тралдын ээси болжол менен 65 миң доллар чыгымга учурады. Бул тууралуу аталган тралдын айдоочусу Белек Аттокуров Sputnik Кыргызстанга билдирди.
6 апреля 2021