Бишкек милициясынын башчысы Айзаданын жакындарынан кечирим сурады

8 апреля 2021 Бишкек милициясынын башчысы Айзаданын жакындарынан кечирим сурады

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын начальниги Бакыт Матмусаев борбор калаада уурдалып, кийин киши колдуу болгон Айзада Канатбекованын жакындарынан кечирим сурады.

"ИИМ кызматкери, Кыргызстандын жараны жана ата катары Айзада тууралуу жаңылыкты өтө оор кабыл алдым. Шаардык милициянын атынан кыздын жакындарынан, туугандарынан кечирим сурайм. Биз аны сактай албадык. Баарыбыздын кыздарыбыз, карындаштарыбыз бар. Ала качуу — бул оор кылмыш", — деди ал.

Матмусаевдин айтымында, милиция 5-апрелден бери кызды жана аны ала качкан адамдарды күнү-түнү издеген. Ал кылмышкерлер тиешелүү жазасын аларын убадалады.

Белгилей кетсек, буга чейин соцтармак колдонуучулары Матмусаев менен ИИМ башчысынын кызматтан кетишин талап кылышкан. Алар Айзаданы алып качкан учурдун видеосу бар экенине карабай, аны убагында сактай албаганына нааразы болуп чыгышкан.


sputnik