Өкмөт үйүнө чогулгандардын алдына премьер-министр Марипов чыкты. Видео

8 апреля 2021 Өкмөт үйүнө чогулгандардын алдына премьер-министр Марипов чыкты. Видео

Өкмөт үйүнө келгендердин алдына премьер-министр Улукбек Марипов чыкты. Бул тууралуу жеринен кабарчы билдирди. Өкмөт башчысын митингчилер "Уят!" деп кыйкырып тосуп алышты.

ВИДЕО

Эскерте кетсек, ушу тапта Өкмөт үйүнүн алдында митинг өтүп жатат. Буга 5-апрелде уурдалып, кийин киши колдуу болгон 27 жаштагы Айзада Канатбекованын сөөгү эки күндөн кийин табылганы себеп болгон. Чогулгандар милиция кызматкерлери издөө иштерин тийиштүү деңгээлде жүргүзгөн жок деп, бийлик башындагылардын жооп берүүсүн талап кылышууда.

Митинг алгач ИИМ имаратынын алдында башталган.


sputnik