Кыз-келиндерди иш менен камсыздоо үчүн Сузакта чоң тигүү цехи ачылды. Сүрөт

8 апреля 2021 Кыз-келиндерди иш менен камсыздоо үчүн Сузакта чоң тигүү цехи ачылды. Сүрөт

Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Благовещенко айылында тигүү цехи ачылды. Бул тууралуу БУУнун аялдар түзүмүнүн Кыргызстандагы өкүлчүлүгү кабарлады.

Билдирмеге ылайык, элеттин аялдарын иш менен камсыз кылуу максатында ачылган цехке 160 миң сомго тигүүчү машиналар сатып алынган. Цехти иштетүүгө БУУнун аялдар түзүмү көмөк көрсөткөн.

Сузак районунун акими Төрөгелди Түркбаев долбоор кыз-келиндерди үйдө отурбай иштөөгө үндөп, үй-бүлөлүк бюджетти толтурууда маанилүү роль ойной турганын белгилеген.

Аким райондук администрация цех ачуу үчүн жайды таап бергенин айтып, цех биргелешкен жумуштун аркасы менен ачылып жатканын кошумчалады.


sputnik