Мамашова: Айзада чиновниктин эмес, жөнөкөй адамдын кызы болгону үчүн өлдү

8 апреля 2021 Мамашова: Айзада чиновниктин эмес, жөнөкөй адамдын кызы болгону үчүн өлдү

Эл өкүлү бийликтегилер өздөрү мыйзамды каалагандай бузуп жатып, натыйжада жөнөкөй жарандар өзүнүн түшүнүгү менен жашап калганын белгиледи.

Биз качан болбосун саясат менен алекпиз, элдин коопсуздугун карабайбыз. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова билдирди.

Эл өкүлү жогорку бийликте отургандар мыйзамды өздөрү каалагандай бузуп жатып, мунун арты менен жөнөкөй жарандар дагы мыйзамды сактабай, өзүнүн түшүнүгү менен жашап калганын белгиледи.

"Бүгүнкү күндө эмне болуп жатканын көрүп жатасыздарбы? Эч ким, жадагалса парламентте отурган аял катары мен дагы коопсуздукту сезбейм. Тилекке каршы, Айзада жогорку кызматтагы аткаминердин кызы эмес экен. Тилекке каршы, жөнөкөй адамдын кызы. Бул коомчулукка чыгып билингени гана. Канча адамдын тагдыры талкаланып жатат, ала качып барып өлтүрүп, зордуктап, сабаган учурлар качанкыга чейин созулушу керек? Биз качан болбосун саясат менен алекпиз, качан экономика, элдин коопсуздугу менен алектенебиз? Дагы канча күтүш керек?!" — деди Мамашова.

Ошондой эле ал бул маселеге төрага Талант Мамытов көңүл кош карабай, өзү демилгелеп күн тартибине киргизиши керектигин белгиледи. Андан соң Мамытов сунушту күн тартибине киргизүүнү депутаттар добуш берүү менен чече турганын айтты.


sputnik