Ош шаарында милициянын имаратында зомбулукка каршы митинг өттү. Сүрөт

8 апреля 2021 Ош шаарында милициянын имаратында зомбулукка каршы митинг өттү. Сүрөт

Ош шаарында дагы аялдарга болгон зордук-зомбулукка каршы митинг болуп өттү. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин аймактык кабарчысы билдирди.

Анын айтымында, кырктай киши Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башкы имаратына чогулган. Алар шаардык милициянын жетекчилигин кылмыштуулук менен күрөшүүдө оперативдүү болууга жана коомчулукка кыз ала качуу салт эмес кылмыш экенин түшүндүрүү иштерин жайылтууга чакырды.

Акциянын катышуучулары колдоруна "Жетишет!", "Ал жашагысы келген" деген плакаттарды көтөрүп, "Ала качуу — бул кылмыш!" деп кыйкырып чыгышты. Ошондой эле милициядан зомбулукту алдын алуу боюнча отчеттук маалыматтарды талап кылышты.


sputnik