Премьер-министр Улукбек Марипов башкаларга үлгү болуп, коронавируска каршы вакцина алууну каалаган. Бирок аны дарыгерлер токтотуп койгонун саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
6 апреля 2021Маалымат кызматынан аталган инфекция менен ооруп айыккандан кийин табигый иммунитет канчага чейин сакталары белгисиз экендигин айтышты.
5 апреля 2021Аутизм — жогорку нервдин өнүгүшүнүн бузулушу. Ал азыркы кылымдын чумасы десек деле болчудай. Акыркы он жылдын ичинде аутизм менен жабыркаган балдардын саны жашоо шартка байланыштуу бир топ өстү. Бул тууралуу Уулкан Итикулова билдирди.
5 апреля 2021"Милиция кызматкерлери жерине барганда 25 жаштагы Ж.Д. чала тааныш бала аны Ысык-Көл облусунан Бишкекке ала качып келгенин айтып арызданган", — деп айтылат маалыматта.
5 апреля 2021Өкмөттөн билдиришкендей, бул нерсе президенттин "Калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө" жарлыгынын алкагында ишке ашырылат.
5 апреля 2021Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Үй-бүлөгө жана балдарга социалдык кызматтарды көрсөтүү бөлүмүнүн башкы адиси Бакыт Тодогелдиев зомбулукка кабылган балдардын 90 пайыздан ашыгынын ата-энеси эмгек миграциясында жүргөндүгүн маалымдады.
5 апреля 2021Апрель айынын ичинде Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы дагы көтөрүлүп, бензин алты пайызга, дизель майы тогуз пайызга кымбаттай турганы күтүлүп жатат. Бул тууралуу КР Нефтетрейдерлер ассоциациясынан билдиришти.
5 апреля 2021Муфтият тараткан билдирүүдө, Аалымдар кеңешинин №1 токтомунун негизинде рамазан айынын биринчи күнү 13-апрелге белгиленген. Башкача айтканда, 13-апрелге караган таңда ооз бекитилет.
5 апреля 2021Биринчи митингдин катышуучулары ордо калаада мыйзамсыз салынып жаткан курулуштарга нааразы болуп чыккан. Алардын айтымында, мэрия куруучулар менен жең ичинен сүйлөшүп алып, турак үйлөрдүн ортосуна көп кабаттуу үйлөрдү салууга уруксат берүүдө.
5 апреля 2021Жеке маалыматтары ачыкка чыгып кеткен Facebook колдонуучулары банктагы эсебинен акчасын алдырып жиберем деп сарсанаа болбой эле койсо болот. Анын башка кесепети бар экенин РИА Новости жазды.
5 апреля 2021WTVR-TV телеканалынын маалыматына караганда, окуя Вирджиния штатында болуп, автобустун ичиндеги көзөмөл камерасына тартылып калган.
5 апреля 2021Ал Өзбекстандын ар кайсы аймагынан этно стилде фотосессия кылганын жазды. Президенттин кызы салттуу кийимдердин беш түрүн кийип көрсөткөн.
5 апреля 2021Россиялык алып баруучу жана актриса Анастасия Заворотнюктун жакындары ага "экинчи өмүр" берген дарыгерлерге ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу Заворотнюктун жакындары иштеткен Instagram-аккаунтта жазылганын РИА Новости билдирди.
5 апреля 2021Кийинчерээк окуучу шаардагы балдар ооруканасына жаткырылганы белгилүү болду. Баланын буттарын ит тиштеп салган, бактыга жараша, азыр абалы канааттандырарлык экенин медиктер айтып беришти.
5 апреля 2021Өкмөт бир катар учурлардай кылып, бул ирет эс алуу күндөрүн майнаптуу колдонуу максатында катары менен коюп жылдырган жок. Эми биринин артынан бири келген кызыл даталар май айында болот. Кыргызстандыктар Конституция күнү, Жеңиш майрамы жана Орозо айттын эсебинен үч күн кошумча эс алат.
5 апреля 2021Төшөк кумарына батуу организмге спорттук көнүгүүлөр сыяктуу эле таасир этип, ашыкча салмактан арылууга жардам берери айтылып жүрөт. Канадалык окумуштуулар бул кептин чындыкка канчалык туура келерин илимий жактан тастыктоо үчүн 21 түгөй катышкан иликтөө жүргүздү. Анын жыйынтыгы тууралуу РИА Новости жазды.
5 апреля 2021Таттуу суусундуктар эске тутууну начарлатып, жаш балдардын окууга жөндөмүн азайтат. Бул тууралуу Жоржия жана Түштүк Калифорния университеттеринин (АКШ) окумуштууларынын иликтөөсүнө таянып, РИА Новости жазды.
5 апреля 2021Көлдө дагы бир ай иштеген соң Бишкекке кайтууга убакыт келди. Медерди унутууга жарым жыл жетет деп ойлосом керек, бирок кайтып келе жатканда, мен аны мурдагыдан дагы катуу сүйөрүмдү, анын үнүн угуп, көздөрүн карагым келип жатканын даана билип турдум. Кыскасы, мен андан эч жакка качып кутула албасымды билдим.
5 апреля 2021Окуя Гомель шаарында менчик үйдө курулуш иштери жүрүп жаткан учурда болгон. Беларустун Гомель аймагынын куткаруучулары өз учурунда жетишип келип калып, топурактын алдынан кишини аман сууруп чыгышты.
5 апреля 2021Президент Садыр Жапаров Алай районунун Талды-Суу айылына Афганистандын Улуу жана Кичи Памиринен көчүп келген этникалык кыргыздар менен жолугушту. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
5 апреля 2021Оштун Алай районунун Белекбаев айыл аймагындагы Терек айылында мал карап жүрүп жоголгон 14 жаштагы бала изделип жатканын ӨКМ кабарлады.
5 апреля 2021Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев мамлекеттик органдарда кызматкерлердин санын кыскартуу боюнча тапшырма берди. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.
5 апреля 2021Атам баштан-аяк оң колум болду. Дубалдын бийиктиги үч метр болгондуктан мага ыңгайлуу тепкич жасап берди. Башыма күн өтпөсүн деп үстүн тосуп көлөкө кылды. Баса, дубалды атам өзү тургузган, ал эми сүрөттү өзүм тартып, кооздодум. Кафелдин чоңдорун атам атайын шаймандар менен кесип берип турду.
5 апреля 2021Египеттин борбору Каирде өздөрү атагандай "фараондордун алтын парады өттү". Качандыр бир кезде падыша болгон, өлгөндөн соң бальзамдалган 22 сөөктү Египеттеги улуттук музейден алып чыгып жаңы жайга чоң салтанат менен ташып жеткиришти.
5 апреля 2021Юридикалык клиникалар ассоциациясынын жетекчиси, юридика илимдеринин кандидаты Артур Бакиров жубайлар никеден кийин тапкан мүлк ортодогу менчик болуп эсептелерин айтты.
5 апреля 2021"С витамини эң күчтүү антиоксидант. Ал интерферондун бөлүнүп чыгуусун шарттап, иммунитетти жакшыртып, вирустан коргоп, сөөк, муунду бекемдейт. Аны "сулуулуктун витамини" деп да коюшат, анткени ал коллагендин бөлүнүп чыгуусун шарттайт. С витамининде темир да көп", — деп жазылат маалыматта.
5 апреля 2021Борбор калаанын мурдагы вице-мэри Азиз Алымкулов жана УКМКнын Бишкек шаары боюнча райондук башкармалыгынын бөлүм башчысы №1 тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти.
5 апреля 2021Сокулук районундагы эки мектепте коронавирус табылгандыктан окуучулар кайра онлайн окууга өтүштү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
5 апреля 2021Алдын ала божомол боюнча, каза болгон Тышкы иштер министрлигинин кызматкери Бахтияр Шакиров жүрөк-кан тамыр оорусу менен жабыркачу. Бул тууралуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда дипломаттын өлүмүн изилдөө боюнча түзүлгөн комиссиянын башчысы Амантур Жумаев билдирди.
5 апреля 2021Шоу-бизнес чөйрөсүндө Миргүл Эсеналиева деген ысым көп жылдан бери таанымал. Менеджер айым Анжелика, Арсен, Бактыгүл Бадыева менен кызматташса, учурда Омар, Толгонай Арзыкеева, Бек Исраилов, Тамга менен иштешет.
5 апреля 2021Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму ыйык Рамазан (орозо) айына эки апта калганда жеке коргонуу эрежелерин сактоо боюнча мусулмандарга кайрылды. ДССУнун билдирүүсү БУУнун сайтына чыкты.
2 апреля 2021Ысык-Ата районундагы "Кант цемент заводу" ишканасынын аймагында 51 жаштагы киши чайыр эритүүчү челекке түшүп кетип, көз жумду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.
2 апреля 20215-9-апрель аралыгында Боом капчыгайында таш кулатуу иштери аткарыла тургандыктан темир жол менен автоунаа жолу алты саатка жабылат. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" УК" ишканасынан билдиришти.
2 апреля 2021Тышкы иштер министрлигинин кызматкери Бахтияр Шакиров Эне жана баланы коргоо борборуна дарыларын көтөрүп барып асма ийне жана укол алгандан кийин көз жумган. Бул тууралуу Бишкектин Ленин райондук милициясы кабарлады.
2 апреля 2021