Зарынадан арылуунун жолдорун дарыгер айтып берди

6 апреля 2021 Зарынадан арылуунун жолдорун дарыгер айтып берди

Адамды беймаза кылган зарынадан арылуунун жолдорунун бири — жатканда баш жакты бийигирээк кылып уктоо зарыл. Бул тууралуу гастроэнтеролог-гепатолог дарыгер Ольга Аришеванын айтканына таянып РИА Новости жазды. 

"Зыяндуу адаттардан арылуу жана башты бийигирээк кылып жатуу зарынадан арылууга көмөкчү болот. Чылым чегип жүргөндөр аны таштоого жана ашыкча салмактан арылууга туура келет", — деген Москва шаарындагы Виноградов атындагы клиникалык оорукананын гастроэнтеролог-гепатолог дарыгери Аришева.

Адис мындан сырткары ашказанды кыжылдатып, адамды беймаза кылган бул илдеттен кутулуу үчүн белди бекем бууп алып же корсет кийип жүргөндү токтотуу керектигин да эскерткен.


sputnik