Бишкектиктер жерге метеорит түшкөндөй көрүнүштү видеого тартып алышкан

7 апреля 2021 Бишкектиктер жерге метеорит түшкөндөй көрүнүштү видеого тартып алышкан

Шаршембиге караган түнү Бишкек шаары менен Чүй облусунун тургундары асмандан учуп түшкөн жарыкты көрүштү.

ВИДЕО

Учурда ал эмне экени социалдык тармактарда талкууланууда. “Короче” Telegram каналына жарыяланган видеодо асмандан жарк этип түшкөн кубулушту көрүүгө болот.

Соцтармак колдонуучулары ал метеорит болушу мүмкүн деп божомолдоп жатышат. Ал жерге түшүп же түшпөгөнү азырынча белгисиз.


sputnik