COVID-19га каршы вакцина алмак болгон Мариповду медиктер токтотуп коюшту. Себеби

6 апреля 2021 COVID-19га каршы вакцина алмак болгон Мариповду медиктер токтотуп коюшту. Себеби

Премьер-министр Улукбек Марипов башкаларга үлгү болуп, коронавируска каршы вакцина алууну каалаган. Бирок аны дарыгерлер токтотуп койгонун саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, Мариповдо жогорку деңгээлдеги (4,5-5 көрсөткүчтөгү) антитело бар экени аныкталган.

"Өкмөт башчы жайында ооруган. Андыктан азыр вакцина алуунун зарылдыгы жок. Ал башкаларга үлгү болгусу келген, бирок дарыгерлер токтотуп койду", — деди министр.

Буга чейин президент Садыр Жапаровго дагы коронавирус инфекциясына каршы вакцина сайдыруунун кажети жок экени айтылган. Бейшеналиевдин айтымында, Жапаров ооруп айыккан, мындан улам 9-9,5 көрсөткүчүндөгү антителосу бар.


sputnik