Мэрия жашы өткөн бишкектиктерди өтө зарыл болбосо үйдөн чыкпоого чакырат

6 апреля 2021 Мэрия жашы өткөн бишкектиктерди өтө зарыл болбосо үйдөн чыкпоого чакырат

Коронавируска байланыштуу мэрия Бишкек шаарынын айрым жарандарынан өзгөчө зарылдык жаралмайынча сыртка чыкпай туруусун өтүнөт. Бул тууралуу брифинг учурунда вице-мэр Айжан Чыныбаева билдирди.

"Урматтуу шаардыктар жана шаардын коноктору, коомдук жайларда дагы деле COVID-19 илдетин жуктуруп алуу коркунучу бар. Өзгөчө тобокелдик тобуна кирген (55 жаштан жогоркулар) жарандар зарыл болбосо үйүнөн чыкпай эле койгону туура болот", — деди Чыныбаева.

Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун бөлүм башчысы Айнагүл Рыскулованын айтымында, Бишкекте эпидемиологиялык абал анча жакшы эмес. Бир сутка ичинде шаарда COVID жуктуруп алган 77 учур катталды. Ушу тапта Бишкек шаары кызыл зонага кирди.


sputnik