Апрель айынын ичинде Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы дагы көтөрүлүп, бензин алты пайызга, дизель майы тогуз пайызга кымбаттай турганы күтүлүп жатат. Бул тууралуу КР Нефтетрейдерлер ассоциациясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, буга дүйнөлүк рынокто Brent үлүгүсүндөгү нефтинин баасы өсүп, баррели 65 долларга чыгып кеткени себеп болууда. Мындан тышкары, Россиянын заводдорунда дүң баа жогорулап бара жатат.
"Күйүүчү майдын кымбаттап кетүүсүнүн себептеринин бири — сомдун долларга карата болгон девальвациясы. Заводдор продукциясын эл аралык валютада сатат. Ал эми Кыргызстандын ичинде соода кылганда сомду пайдаланабыз. Ортодо чоң айырмачылык бар", — деп түшүндүрүштү ассоциациядан.
Нефтетрейдерлер январь-март айларында өлкөгө 327,5 миң тонна нефть азыктары киргенин айтып, муктаждык толугу менен жабылып жатканын кошумчалашты.
Ассоциациядан кабарлашкандай, Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы келишим нефть азыктарын ташууда бир топ жеңилдиктерди берүүдө. Мисалы, экспорттук пошлиналардын алып салынышы жыл башынан бери 4,2 миллион доллар үнөмдөөгө шарт түзгөн.
Башка өлкөлөр тараптан Кыргызстанга мындай жеңилдиктер берилген эмес.
Акыркы маалыматтарга караганда, Бишкекте АИ-92 үлгүсүндөгү бензин 47, АИ-95 — 49 сомдон сатылууда. Дизель майынын бир литри 44 сомдун тегерегинде.