Бишкекте 10-11-апрель күндөрү айыл чарба азыктарынын кезектеги жарманкеси болот. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
9 апреля 2021Милицияга кызды таап берүүгө жардам сурап эжеси кайрылган. Анын айтымында, Альбина бүгүн, 8-апрелде, саат 8:00дөр чамасында 7-кичи райондо жашаган батиринен чыккан боюнча кайтып келген эмес.
9 апреля 2021Бишкектен уурдалып өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерине шалаакылык боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
9 апреля 2021Анын билдиришинче, айрым милиция кызматкерлеринин шалаакы мамилеси жарандардын укук коргоо органдарынын ишине болгон ишенимине доо кетирүүдө.
9 апреля 2021Айзада Канатбекованы ала качууга катышкан деген шек менен дагы бир адам кармалды. Бул тууралуу ички иштер министри Уланбек Ниязбеков парламенттин жыйынында билдирди.
9 апреля 2021Депутат Дастан Бекешев министрди парламент кетирип же өзү арыз жазышы керектигин билдирди. Ошондой эле ал Ниязбековго кайрылып, качан отставкага кетерин сурады.
9 апреля 2021Бишкек шаардык сотунун жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын судьясы анын мыйзамсыз байыганы тууралуу маалыматтар чындыкка дал келбей турганын айтты. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан билдиришти.
9 апреля 2021Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова ички иштер министри Уланбек Ниязбековдон ала качууга дуушар болуп каза болгон Айзада Канатбекованы табууга "Коопсуз шаардын" камералары эмнеге колдонулбаганын сурады.
9 апреля 2021WhatsApp мессенжеринин колдонуучулары алдамчылыктын жаңы түрү менен кез келгендигин GizChina жазды.
9 апреля 2021Киши колдуу болгон Айзада Канатбекованын апасы Назгүл Шакенова кызын ала качкан күнү эле түшкө маал Бишкектин Биринчи май райондук милициясына арыз жазганын журналисттерге айтты. Ал милиция убагында кыймылдабай койгонуна нааразы болууда.
8 апреля 2021Айзада Канатбекованы ала качуууга жардам берген экинчи шектүү кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББден билдиришти. Маалыматка караганда, 32 жаштагы З.Р. Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
8 апреля 2021Бишкек шаардык милициясы Айзада Канатбекованы өлтүрүп, андан соң өз өмүрүнө кол салганы айтылып жаткан Замирбек Теңизбаев тууралуу маалымат берди.
8 апреля 2021Оштун Кара-Суу районунун Нариман айыл өкмөтүндө кайнатасын өлтүрүүгө шектүү киши кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.
8 апреля 2021Ички иштер министри Уланбек Ниязбеков Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча парламентке келбей койду. Бүгүн эртең менен каргаша тууралуу маалымат угуу үчүн депутаттар министрди чакырган.
8 апреля 2021Балыкчы шаарында ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованын сөөгү жерге берилди. Кыздын сөөгү таятасынын үйүнөн чыкканы айтылат. Кыз өзү Бишкекте иштеген.
8 апреля 2021Бишкек шаардык сотунун жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын судьясы мыйзамсыз байыды деп шектелип жатат. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
8 апреля 2021Парламентте кыз ала качуунун жазасын күчөтүү сунушталды. Депутат Марлен Маматалиев кыз ала качкандарды 10-15 жылга чейин кесүү демилгесин көтөрдү.
8 апреля 2021Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун дарыгери Марина Дүйшөнкулова чачтын түшүшү, тырмактын сынышы, бетке безеткинин чыгышы, тарамыштын тырышуусу организмде витаминдин жетишпестигинен кабар берерин айтты.
8 апреля 2021Бардык адамдарда аялдык жана эркектик мүнөздөр бар. Аялдарда жумшактык, эмоцияга алдыруу сыяктуу сапаттар көбүрөөк, ал эми катуулук, көкжалдык, эрктүүлүккө окшогон эркектин сапаттары азыраак болсо баланс сакталат. Мырзаларда тескерисинче болуусу зарыл. Бул тууралуу Самат Аалканов билдирди.
8 апреля 2021"Алгач уурдалган кызды эки күнгө чейин таба албаган милициянын шалаакылыгы үчүн уялып жатасызбы?" деген суроо берилди. Буга Аширходжаев милиция иштебей койду деген пикир менен макул эместигин айтты.
8 апреля 2021Каршылык акциясы учурунда өкмөт башчы кызматтык иликтөө жүрүп жаткандыктан анын жыйынтыгын күтүү керектигин айтты. Митингчилер болсо ИИМ башчысынын отставкасын талап кылып, Ниязбековдун алардын алдына чыкпай койгонуна нааразы болушту.
8 апреля 2021Айзада Канатбекованын ишин жеке көзөмөлүмө алам. Бул иш аягына чыгарылышы зарыл жана жазасы сөзсүз болот. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров өзүнүн Facebook баракчасы аркылуу айтты.
8 апреля 2021Анын айтымында, кырктай киши Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башкы имаратына чогулган. Алар шаардык милициянын жетекчилигин кылмыштуулук менен күрөшүүдө оперативдүү болууга жана коомчулукка кыз ала качуу салт эмес кылмыш экенин түшүндүрүү иштерин жайылтууга чакырды.
8 апреля 2021Өкмөт үйүнө келгендердин алдына премьер-министр Улукбек Марипов чыкты. Бул тууралуу жеринен кабарчы билдирди. Өкмөт башчысын митингчилер "Уят!" деп кыйкырып тосуп алышты.
8 апреля 2021Коомчулукта ала качуу маселеси кайрадан көтөрүлдү. Талкуу уурдаган кызын Бишкектин четине алып барып муунтуп, андан соң өмүрүн кыйган кишиден кийин башталды.
8 апреля 2021Милициянын кызматкерлери 5-апрель күнү Айзада Канатбекова жана аны ала качып кеткен Замирбек Теңизбаев менен дагы сүйлөшкөн. Бул тууралуу Ички иштер башкы башкармалыгынын Криминалдык милиция кызматынын начальниги Уланбек Айтбаев ИИМде өтүп жаткан маалымат жыйында билдирди.
8 апреля 2021Вице-спикер Аида Касымалиева учурда кылмыштуулук өсүп жатканын белгилеп, Ички иштер министрлиги эмне менен алектенип жатканына кызыкты. Ошондой эле ал Айзаданын өлүмү боюнча маселеге депутаттар дагы көңүлкош карап жатканына ызаланды.
8 апреля 2021Бишкек милициясынын башчысы Бакыт Матмусаев журналисттердин "Киши колдуу болгон Айзада Канатбекованын өлүмүнөн кийин отставкага кетесизби?" деген суроосуна жооп берди.
8 апреля 2021Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын начальниги Бакыт Матмусаев борбор калаада уурдалып, кийин киши колдуу болгон Айзада Канатбекованын жакындарынан кечирим сурады.
8 апреля 2021Эл өкүлү бийликтегилер өздөрү мыйзамды каалагандай бузуп жатып, натыйжада жөнөкөй жарандар өзүнүн түшүнүгү менен жашап калганын белгиледи.
8 апреля 2021Ички иштер башкы башкармалыгынын Криминалдык милиция кызматынын начальниги Уланбек Айтбаев ИИМде өтүп жаткан маалымат жыйында Айзаданын өлүмүнө себепкер деген Замирбек Теңизбаев тууралуу маалымат берди.
8 апреля 2021Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн ички иштер министри Уланбек Ниязбековду чакырууну талап кылууда. Эл өкүлү Дастан Бекешев бул маселени күн тартибине киргизүүнү сунуштады.
8 апреля 2021Диетолог Елена Кален кеңседе отуруп иштеген кызматкерлер дайыма бир салмакта жүрүү үчүн кандай тамактануу керектигин айтып берди. Адистин пайдалуу кеңеши РИА Новостиге жарыяланды.
8 апреля 2021Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Благовещенко айылында тигүү цехи ачылды. Бул тууралуу БУУнун аялдар түзүмүнүн Кыргызстандагы өкүлчүлүгү кабарлады.
8 апреля 2021