Аксыда жаңы үйлөнгөндөр трактордун жүктөгүчүнө түшүп көчө кыдырды. Видео

9 апреля 2021 Аксыда жаңы үйлөнгөндөр трактордун жүктөгүчүнө түшүп көчө кыдырды. Видео

Кыргызстандын социалдык тармактарына жаңы үйлөнүп жаткандардын трактордун жүктөгүчүнө түшүп алып айылдын көчөлөрүн кыдырып жүргөн видеосу тарады.

ВИДЕО

Видеону тарткан бала Жалал-Абаддын Аксы районунун айылдарынын бирине үлпөт тойго барганын айткан.

"Ак-Жол айыл өкмөтүндө коноктобуз. Көрдүңөрбү? Жаштар азыр айыл техникасы менен эле никесин каттатууга  бара жатышат", — деген видеонун автору.

Трактордун артынан бир нече автоунаа жана маршрутка коштоп баратканын көрүүгө болот. Ошондой эле  үлпөт тоюнун ыры жаңырып жатат. 


sputnik