Абайлагыла! WhatsApp аккаунттарын жаңы ыкма менен талкалай башташты

9 апреля 2021 Абайлагыла! WhatsApp аккаунттарын жаңы ыкма менен талкалай башташты

WhatsApp мессенжеринин колдонуучулары алдамчылыктын жаңы түрү менен кез келгендигин GizChina жазды.

Порталдын маалыматына караганда, пайдалануучуларга сактаган номерлердин арасындагы тааныштардан жалган маалыматтар келе баштайт. Интернет колдонуучусу шилтеме же кандайдыр бир код коюлган билдирүүнү алат. Андан соң ошол эле телефонго сакталган, мурда талкаланган номерден келген СМСтеги кодду сураган кат келет. Эгерде киши буга жооп берип, ага келген кодду кайра жиберсе, анын WhatsApp аккаунту талкаланат.

Адистер бул чабуул аккаунтту талкалоо үчүн жасаларын билдиришти. Биринчи иретте алар чоочун эмес, тааныш-билиш болуп жүргөн адамдын аккаунтун бузуп кирип жаткандыктары айтылды.


sputnik