Мээ тромбозун кандай белгилер коштоп келет

12 апреля 2021 Мээ тромбозун кандай белгилер коштоп келет

Россиянын Саламаттык сактоо министрлигинин башкы кардиологу Юрий Беленков адам мээнин тромбоз илдетине чалдыкканы жатканын кайсы белгилерден байкаса болорун айтып берди. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

Дарыгер төмөнкү белгилерди санады:

  • чыдатпаган баш оору;
  • беттин симметриясынын бузулушу;
  • тилдин буулушу;
  • көздүн көрүүсүнүн начарлашы;
  • кол менен буттун чымырап же кыймылга келбей калышы.

Мындан тышкары, адис айрым адамдар кыска мөөнөткө эсин жоготкон учурлар дагы болорун кошумчалады.

Мээ тромбозу — бул тромб мээдеги артерияга тыгылып, өлүмгө дуушар кылган инсульттун бир түрү. Бул илдет улгайган, кан басымы жогору же атеросклероз менен ооруган адамдарда көп кездешет. Айрым учурда жаштарда дагы болушу мүмкүн.


sputnik