Бишкекте өзүнөн үч жаш улуу кызды ала качкан жигит кармалды

5 апреля 2021 Бишкекте өзүнөн үч жаш улуу кызды ала качкан жигит кармалды

Бишкекте кыз ала качууга шектелген жигит кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

2-апрель күнү түнкү саат 23:40та 102 линиясына кыз ала качышканы тууралуу маалымат түшкөн.

"Милиция кызматкерлери жерине барганда 25 жаштагы Ж.Д. чала тааныш бала аны Ысык-Көл облусунан Бишкекке ала качып келгенин айтып арызданган", — деп айтылат маалыматта.

Инспекторлор ыкчам издөө ишин жүрүгүзүп, 22 жаштагы Б.К. аттуу жигитти кармаган. Учурда териштирүү иштери уланып жатат.


sputnik