Кыргызстандыктар жазгы жабыла учкан алгачкы топ жылдызды көрө алышат

7 апреля 2021 Кыргызстандыктар жазгы жабыла учкан алгачкы топ жылдызды көрө алышат

21-апрелден 22сине караган түнү Лириддер метеордук агымы активдүүлүгүнүн туу чокусуна жетет. Бул тууралуу Москва планетарийи кабарлады.

Эл аралык метеорологиялык станциянын болжолуна ылайык, саатына 18 метеорго чейин болушу күтүлүүдө. Агым 14-апрелде жанданып, 30-апрелде токтойт.

Планетарий белгилегендей, бул мезгил ай толгон убакытка туура келгендиктен учкан топ жылдыздарга байкоо салууга тоскоолдук жаралышы ыктымал. Мындан сырткары, аба ырайындагы катаал шарттар да кыргызстандыктарга жолтоо болушу мүмкүн. Деген менен метеорлор таңга маал жакшы көрүнөт.

Лириддер 2 500 жылдан бери байкоо салынып келген эң эски метеордук агым болуп саналат. Алар тууралуу алгачкы маалыматтар биздин эрага чейинки 687-жылдын 16-мартында Кытайда айтылган. Метеорлордун эң күчтүү агымы 1803-жылы 20-апрелде байкалган. Анда саатына болжол менен 700 жылдыз түшүп, ал метеордук бороон деп эсептелген.


sputnik