Көзүңүз сиз тууралуу айтып берсин

7 апреля 2021 Көзүңүз сиз тууралуу айтып берсин

Маңдыйыңызда турган адамды сүйлөгөн сөзүнөн, жүзүнөн, жүрүм-турумунан аңдап-билүүгө болот. Анткен менен, адам тууралуу эң көп маалыматты көзүнөн билүүгө болот. Көз – адамдын ички дүйнөсүнүн күзгүсү деген сөз бар. Андай экен, адамдын көзүнүн түсүнө карап мүнөзүн аныктап көрөлү. Көздө көп сыр бар.

Кара көздүн ээси

Күч –кубаты мол, өмүрдү сүйгөн адам. Мүнөзү бир калыпта деп айтууга болбойт. Мындай адамды бет алган жагынан кайтарууга мүмкүн эмес, эч ким ага жолтоо боло албайт. Анын бул касиети шашылыш чечим кабыл алууга түрткү болуп, ийгиликке жеткирбейт.

Күрөң көздүн ээси

Табиятынан сезимтал, өтө акылдуу, сүйкүмдүү болушат. Темпераменттүү. Башкаларга тез капа болот, анысын дароо эле билдирип коёт, бирок тез эле унутуп калат. Астрологдор күрөң көздүүлөр ачык-айрым, башкалар менен бат тил табышат дешет.

Көк көздүн ээси

Өтө эмоционалдуу, сезимтал, романтик жандар. Булар эт-бетинен кетип сүйүшөт жана бат эле сүйдүрүп алышат. Көзүнөн эмнени ойлоп жатканын билүүгө мүмкүн эмес. Ар дайым адилеттүүлүктү карманышат. Кемчилиги текебер болушат.

Боз көздүн ээси

Акылдуу жана чечимди туура кабыл алышат. Кыйынчылыкка туш болсо, качпай чечүүнүн жолун ойлойт. Акылына гана ишенишет. Айланасындагылардын баары кызыктырат. Махабат менен мансапка дагы жолдуу болушат.

Көгүлтүр көздүн ээси

Көп алдашат. Адамдын көз жашына карабайт. Куу да болушат. Кээде катуу ачууланып, себепсиз стресске кабылышат. Көп учурларда сабырлуу болушат.

Жашыл көздүн ээси

Анык назик жандар. Тандаган жарын таза, чын дилинен берилип сүйүшөт. Достору ишенимдүүлүгү менен мээримин баалашса, душмандары айтканын аткарган мүнөзүнөн коркушат. Адамды уга билет жана жакшы кеңеш беришет.

Жолборс өңдүү көздүн ээси

Сейрек кездеше турган таланттын ээлери. Булар маңдайында турган адамдын оюн окуп коюшат. Ар бир ишке чыгармачылык менен мамиле кылышат. Мындай сары түскө жакын көздөр сейрек кездешет. Жакшы көргөн адамдарынан алыстагысы келбейт.