Министрлик: Бишкек эпидемиологиялык абал боюнча кызыл зонага кирди

6 апреля 2021 Министрлик: Бишкек эпидемиологиялык абал боюнча кызыл зонага кирди

Эпидемиологиялык абалды мониторингдөө учурунда Кыргызстан "кызыл", "сары" жана "жашыл зоналарга" бөлүнүп, учурда Бишкек шаары "кызыл зонада" турат. Бул тууралуу брифинг учурунда саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов билдирди.

"Кызыл зонада" Бишкек шаары болсо, "сары зонага" Чүй облусу кирди", — деди ал.

Калган алты аймак азырынча "жашыл зонада" деп эсептелүүдө.

Министрдин орун басарынын айтымында, вирустун кайрадан күч алышына бет кап режими менен аралыктын сакталбашы, ошондой эле массалык көңүл ачуучу иш-чаралар себеп болууда.


sputnik