Умрага барууга Сауд Аравиясы бир шарт менен гана уруксат берди

7 апреля 2021 Умрага барууга Сауд Аравиясы бир шарт менен гана уруксат берди

Мусулман зыяратчылар Рамазан (орозо) айында Сауд Аравиянын ыйык жайларына барып, умра (кичи ажылык) амалдарын коронавируска каршы эки ирет вакцина алган учурда же ооруп айыккан болсо гана жасай алышат. Бул тууралуу саудиялык жаңылыктар агенттигине таянып РИА Новости жазды.

"Рамазан айында умрага, Мекке жана Медина шаарларына зыяратка коронавируска каршы вакцинанын эки дозасын тең алгандар, болбосо биринчи дозасын 14 күн мурун сайдыргандар же COVID менен ооруп айыккандар гана келе алат", — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, орозо айы араб өлкөлөрүндө 13-апрелде башталат.

Мусулмандар бул убакытта орозо кармап, намаз окуп Жаратканга сыйынышат. Ошондуктан Рамазанда кичи ажылыкка баргандар көп болот. Умра амалы салттуу ажылыктан айырмаланып, жылдын ар мезгилинде, каалаган убакытта жасала берет.

Ал эми кадимки ажылык быйыл июль айынын экинчи жарымына туш келет. Өткөн жылы коронавирус пандемиясына байланыштуу ажылыкка Аравияда жашагандар гана кабыл алынган. Анда келгендердин саны 10 миңге гана жеткени маалым.


sputnik