Медиктер: ысык чай кызыл өңгөч рагына кептеши ыктымал

6 апреля 2021 Медиктер: ысык чай кызыл өңгөч рагына кептеши ыктымал

Медиктер өтө ысык чайдын ден соолукка тийгизген зыянын санап берди. Бул тууралуу Cumhuriyet басылмасына таянып "Известия" басылмасы кабарлады.

Адистер бир нече жыл бою 500 миң кишиге байкоо жүргүзүп көрүп, жыйынтыгында 65 градустан ашкан чайды көп ичүү кызыл өңгөч рагына кабылуу тобокелчилигин жогорулатат деген тыянак чыгарышкан.

Гастроэнтерология тармагындагы профессор Ведат Герал онкологиялык оору дүйнөдө өлүмгө жеткирген себептердин бири экенин белгилеген.

"Жүргүзүлгөн иликтөөлөргө ылайык, Түркиянын чыгышында, Кытайда, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстанда ысык чай ичкендер басымдуулук кылат. Мындан улам кызыл өңгөч рагына чалдыккандар бул өлкөлөрдө көп катталат", — деди ал.

Эгер адам спирт ичимдигин колдонуп, чылым чексе оорунун өрчүп кетүү тобокелчилиги мындан да жогору болот.

"Чылым чеккен адам ысык чайды көп ичсе рактын өрчүп кетүү ыктымалдуулугу эки эсеге жогорулайт. Эгер ичимдик ичсе, анда беш эсе өсөт", — деген адис.

Профессор чайды бир аз муздаганга чейин 3-4 мүнөт күтүп турууну сунуштап, күнүнө 3-4 чөйчөктөн ашык чай ичпеш керектигин эскерткен.

Буга чейин эксперттер ашказанында жарасы барлар менен он эки эли ичегиси ооругандар чайдан таптакыр эле баш тартышы керектигин айтышкан.


sputnik