Сокулукта 7 унаасы менен өрттөнгөн трал. Айдоочу кырсыктын чоо-жайын айтты

6 апреля 2021 Сокулукта 7 унаасы менен өрттөнгөн трал. Айдоочу кырсыктын чоо-жайын айтты

Сокулук районунун Күнтуу айылынын жака белинде өрттөнүп кеткен тралдын ээси болжол менен 65 миң доллар чыгымга учурады. Бул тууралуу аталган тралдын айдоочусу Белек Аттокуров Sputnik Кыргызстанга билдирди.

Белгилей кетсек, ишембиге караган түнү Россиядан жети автоунаа жүктөп келе жаткан трал толугу менен күйүп кеткен.

ВИДЕО

"Айдап баратсам асты жагы түтөп калды, түшүп карасам май агып атыптыр. Көп күттүрбөй эле жалындап күйө баштады. Дароо машиналар жүктөлгөн чиркегичти үзүп, кабинасын алды жакка айдайын десем ордунан жылбай калды. Анан автоунааларды түшүрүүгө аракет кылдым, бирок өрт заматта күч алып, баары күйүп кетти", — деди айдоочу.

Аттокуров бөлөсү Орозмамат Кудайбердиев экөө жакында эле чогулткан акчасына трал сатып алып иштей баштаган. Бул алардын экинчи рейси болгон.

"Бөлөм Россиянын Самара шаарынан бери жакшынакай эле айдап келген. Мен Кыргызстандын чек арасына келгенде тосуп алып, ал эс алууга кеткен. Түндө унаа токтотуучу жайга алып барып коюп, эртең менен машиналарды ээлерине берейин дегенбиз. Бирок токтотмо жайга эки чакырым калганда ушундай кырсык болду. Трал сатып алып жатканда досторубузга дагы карыз болуп калдык эле. Өрттөнгөн унаалардын баасы 30 миң, тралдын чыгымы 35 миң долларды түздү. Эми элден жардам сураганга аргасыз болуудабыз", — деди айдоочу.

Күйүп кеткен тралдын үстүндө Honda Fit, Honda Stepwgn, Toyota Alphard жана Toyota Camry үлгүсүндөгү машиналар болгон.


sputnik