Кыргызстанда COVID-19дун кандай штаммдары бар. Министрликтин маалыматы

6 апреля 2021 Кыргызстанда COVID-19дун кандай штаммдары бар. Министрликтин маалыматы

Кыргызстанда коронавирустун "британиялык" штаммы табылган жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги маалымдап, өлкөдө кайсы мамлекеттерде жүргөн вирустар бар экенин билдирди.

Маалыматка караганда, февраль айында Кыргызстандын Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Лондон шаарындагы референс-лабораториясына 20 үлгү жөнөткөн.

"Жыйынтыгында вирустун В түрүнө кирген 9 штамм табылды. "Британиялык" штамм аныкталган жок. Кыргызстанда жүргөн вирустун түрлөрү мурда Россия, АКШ, Нидерланд, Германия, Исландия, БАЭ, Латвия, Щвейцария, Щвеция, Япония жана Израилде аныкталганы белгилүү болду", — деп айтылат билдирүүдө.

Февраль айында Роспотребнадзор мекемесинин молекулярдык-генетикалык лабораториясына жиберилген үлгүлөрдө мутация болгон штаммдар аныкталган. Мындан улам тереңдеп изилдөө үчүн Москва шаарына жөнөтүлгөн.

Ал эми 26-март күнү Роспотребнадзордун Новосибирк шаарындагы лабораториясына жиберилген үлгүлөр ушул тапта изилдөөдөн өткөрүлүп жатат.


sputnik