Быйылкы орозонун так датасы айтылды

5 апреля 2021 Быйылкы орозонун так датасы айтылды

 Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы орозонун так датасы белгиленгенин кабарлады.

Муфтият тараткан билдирүүдө, Аалымдар кеңешинин №1 токтомунун негизинде рамазан айынын биринчи күнү 13-апрелге белгиленген. Башкача айтканда, 13-апрелге караган таңда ооз бекитилет.

Муфтият быйыл Орозо айы 13 же 14-апрелге туш келерин айткан.


sputnik