Айзаданын өлүмү: Бишкек милициясынын башчысы кызматтан кетер-кетпесин айтты

8 апреля 2021 Айзаданын өлүмү: Бишкек милициясынын башчысы кызматтан кетер-кетпесин айтты

Бишкек милициясынын башчысы Бакыт Матмусаев журналисттердин "Киши колдуу болгон Айзада Канатбекованын өлүмүнөн кийин отставкага кетесизби?" деген суроосуна жооп берди.

Анын айтымында, ИИМдин Ички иликтөө кызматы милиционерлердин аракетине юридикалык баа берет. Анын жыйынтыгы менен чечим кабыл алынат.

"Мен бул кылмыштын бетин ачып, ишти аягына чейин чыгарышым керек. Бул менин милдетим", — деди ал. Матмусаев ушул жылдын февраль айында азыркы кызматына дайындалган.



sputnik