Кызыңыз ушул окуяга кабылса эмне кылмаксыз? Милиция жетекчилеринин жообу видеодо

8 апреля 2021 Кызыңыз ушул окуяга кабылса эмне кылмаксыз? Милиция жетекчилеринин жообу видеодо

Spuntik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаевге жана Бишкек ШИИБдин башчысы Бакыт Матмусаевге Айзаданын өлүмү боюнча суроо узатты.

"Алгач уурдалган кызды эки күнгө чейин таба албаган милициянын шалаакылыгы үчүн уялып жатасызбы?" деген суроо берилди. Буга Аширходжаев милиция иштебей койду деген пикир менен макул эместигин айтты.

"Албетте, уялуу бар. Бирок милиция биринчи чалуу түшкөндөн баштап эле иштеп жаткан. Эки күн бою таппай калуу мүмкүн, болгон фактыны айтып жатабыз", — деди министрдин орун басары.

Бишкек шаардык милициянын башчысы да бул иште милициянын шалаакылыгы болбогонун айтат.

"Биз болгон күчтөрдү тартып Чүй облусунун, Бишкек шаарынын аймагын, Ош жана Ысык-Көл багыты боюнча карап күндөп-түндөп иштедик. Мына, үч күндөн бери өзүм баш болуп уктай элекпиз. Жыйынтыгы ушундай болгонуна биз себепкер болгон жокпуз. Бирок милиция кызматкери, жетекчи жана жаран катары кейип турам", — деди Матмусаев.

Журналист андан кийин "Айзаданын ордуна сиздин кызыңыз болгондо эмне кылмаксыз, милицияга кандай баа бермексиз?" деген суроо менен кайрылды.

Матмусаев каза болгон кыздын ата-энеси кандай кайгырып жатса, ал да ошондай кайгырып турганын билдирди. Ал эми Аширходжаев кимдин кызы болбосун ушундай эле иш алып бара турганын айтты.


sputnik