Милиционерлер Айзада жана аны ала качкандар менен 5-апрелде сүйлөшкөнүн айтты

8 апреля 2021 Милиционерлер Айзада жана аны ала качкандар менен 5-апрелде сүйлөшкөнүн айтты

Милициянын кызматкерлери 5-апрель күнү Айзада Канатбекова жана аны ала качып кеткен Замирбек Теңизбаев менен дагы сүйлөшкөн. Бул тууралуу Ички иштер башкы башкармалыгынын Криминалдык милиция кызматынын начальниги Уланбек Айтбаев ИИМде өтүп жаткан маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, күч органдары шектүүдөн Шаардык ички иштер башкармалыгына келүүсүн өтүнгөн. Бирок Замирбек Теңизбаев ага макул болгон эмес.

"Милиция 5-апрель күнү шектүүнүн телефон номерин таап, чалган. Болжол менен саат 16:10до Замирбек телефонун күйгүзүп, жооп берген. Биз анын кайсы жакта экенин сурап, келүүсүн өтүнгөнбүз. Бирок ал кыз менен 4 айдан бери сүйлөшүп жүргөнүн, ага үйлөнөрүн айтып телефонун өчүрүп салган. Андан кийин кечки саат 7лер чамасында Айзаданын телефону иштеп, ал апасы менен сүйлөшүп түндө барарын айткан. Андан кийин кыз менен биз да байланышканбыз. Ал бизге маселесин Замир менен өзү чечишип аларын айткан", — деди Айтбаев.


sputnik