Апрель окуясы баштан-аяк 6 мүнөттүк видеодо. Тарыхтагы кара так

7 апреля 2021 Апрель окуясы баштан-аяк 6 мүнөттүк видеодо. Тарыхтагы кара так

2010-жылдын 7-апрели кыргызстандыктардын эсинде кандуу күн катары калды. Курманбек Бакиевдин бийлигин кетирип, өлкөгө адилеттүүлүк орнотуу үчүн ошол күнү 87 адамдын өмүрү кыйылган.

Ал окуя кандай болгонун Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин видеоинфографикасынан көрүңүз.

2010-жылы 7-апрелдеги ыңкылаптын чыгышына бийликтегилердин электр энергиясы менен жылуулукка тарифти кескин көтөргөнү себеп болгон. "Ала-Тоо" аянтындагы кандуу окуялардан кийин президент Курманбек Бакиев кызматтан кетип, кийин сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган.

Жалпысынан 2010-жылдагы апрель окуяларында 123 адам өмүрү менен кош айтышып, миңден ашуун киши жаракат алган. "Ала-Тоо" аянтында 87 адам көз жумса, 36сы кийин каза болгон.

7-апрель Кыргызстанда расмий түрдө Апрель революциясынын күнү болуп саналат.


sputnik