Мэрия: Бишкекте мектептер эки күнгө жабылып, андан соң кадимки режимде иштейт

8 апреля 2021 Мэрия: Бишкекте мектептер эки күнгө жабылып, андан соң кадимки режимде иштейт

Бишкекте мектептер 12-13-апрелде гана убактылуу жабылат. Бул тууралуу Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Элмира Иманалиева билдирди. Анын айтымында, мектептер толугу менен аралыктан окууга өтпөйт.

"Ордо калаадагы эпидкырдаалдан улам Бишкектин мектептери 12-13-апрелде гана жабык болот. 14-апрелден тарта кадимки тартипте окуу башталат. Эки күндө шаардык кеңешке шайлоо өткөн соң имараттардын ичи тазаланат", — деди Иманалиева.

Ал шайлоо участоктору жайгашкан бала бакчалар гана 8-апрелден 14-апрелге чейин жабылып жатканын кошумчалады. Андан кийин бөбөктөр бакчага бара баштайт.

Эске салсак, буга чейин мэрия борбор калаадагы бала бакчалар кайрадан жабылып, мектептер аралыктан окууга өтө турганын билдирген. 


sputnik