Диетолог Елена Кален кеңседе отуруп иштеген кызматкерлер дайыма бир салмакта жүрүү үчүн кандай тамактануу керектигин айтып берди. Адистин пайдалуу кеңеши РИА Новостиге жарыяланды.
Диетолог белгилегендей, кеңсе кызматкерлеринин менюсунда сөзсүз жашылчалардан турган салат болушу шарт. Анын ичинде пекин капустасы, көк пияз, укроп, сыр жана брынза бар. Аты аталган азыктар клетчаткага, темир жана антиоксидантка бай келет. Бул ичеги-карынды иштетип, зат алмашууну жакшыртат.
Мындан сырткары, кеңсе кызматкерлерине үндүктүн этинен жасалган котлет да сунушталган.
"Тоокко караганда үндүктүн этинде май аз, белок көп. Ал адамды узак убакытка чейин ток кармап жүрөт. Ал эми этте В витамини, калий, цинк, селен, ниацин жана тиамин бар. Алар организмди стресстен сактап, метаболизмге таасир этет", — деген диетолог.
Адис толук тартылбаган ундун наны менен тооктун этин, авокадо, йогурт жана чөп-чар кошуп сэндвич жасап жегенди да сунуштаган. Анын айтымында, тартылбаган ундан жасалган нан ичегиге миңдин бири. Ал эми авокадодо Омега-3 майлуу кычкылы көп болгондуктан, салмак таштоого жардам берип, адамды ток алып жүрөт.
Кален сулу акшагы, банан жана йогурт менен смузи жасап ичүүнү да сунуштаган. Анын айтымында, бул ичегинин микрофлорасын калыбына келтирет. Ал эми сельдерей, жумуртка жана укроп кошулган салат организмди клетчаткага толтуруп, андагы ашыкча суюктукту бөлүп чыгарууга көмөктөшө турганы маалым болду.