Кыз ала качкандар канча жылга кесилип, кандай айыпка жыгылат. КР мыйзамдары

8 апреля 2021 Кыз ала качкандар канча жылга кесилип, кандай айыпка жыгылат. КР мыйзамдары

Коомчулукта ала качуу маселеси кайрадан көтөрүлдү. Талкуу уурдаган кызын Бишкектин четине алып барып муунтуп, андан соң өмүрүн кыйган кишиден кийин башталды.

Ала качуу боюнча Кыргызстандын Жазык кодексинин "Үй-бүлө мамилелеринин салттарына жана жашы жете электердин кызыкчылыктарына каршы кылмыштар" бөлүгүндө каралган.

Адамды никеге туруу максатында уурдагандарга жаза

175-беренеде адамды анын эркине каршы никеге туруу үчүн уурдагандар III категория менен кесилет. Тагыраагы, 5 жылдан 7,5 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Жашы жете электерди уурдагандарга жаза катуу

Он сегиз жашка жете элек адамды иш жүзүндөгү нике мамилелерине туруу үчүн же болбосо анын эркине каршы никеге туруу үчүн уурдагандар IV категориядагы айыпка жыгылып, эркинен ажыратылат.

Мындайча айтканда, 7,5 жылдан 10 жылга чейин чейин кесилет. Кылмышка жашы жете электер барса 80-100 миң сом, чоңдорго 180-220 миң сом айып салынары көрсөтүлгөн.

Адамды никеге турууга мажбурлагандар ири суммадагы айыпка жыгылат

177-беренеде адамды никеге турууга мажбурлоо, никеге турбастан же мындай эле чогуу жашоого кыйноо, ошондой эле адамдын никеге туруусуна тоскоолдук кылгандар V категория менен айып пул төлөп же I категория боюнча эркинен ажыратылат.

Башкача айтканда, 2 жыл 6 айга чейин кесилет. Болбосо жашы жете электер 100-120 миң сом, чоңдор 220-260 миң сом айып пул төлөйт.

176-берене боюнча 18 жашка чыга электерди иш жүзүндөгү нике мамилелерине турууга мажбурлагандар VI категория боюнча айып төлөп же II категория менен эркинен ажыратылат.

Тагыраак, жашы жете электер 120-140 миң сом, чоңдор 260-300 миң сом төлөмөр болот же 2 жыл 6 айдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Диний ырым-жырым өткөргөндөр да жазаланат

178-беренеде жазылгандай, нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу менен диний ырым-жырымды жасаткан, тагыраагы, үйлөнө турчу адам, анын ата-энеси (башка туугандары) жана нике кыйган киши 2,5 жылдан 5 жылга чейин кесилет. Мыйзамда II категория боюнча жаза берилет деп жазылган.

Нике мыйзам боюнча...

КРдин Үй-бүлө кодексинде нике түшүнүгү деп үй-бүлө күтүү максатында түзүлгөн, жубайлардын ортосундагы мүлктүк жана мүлктүк эмес мамилелерин жарата турган, мыйзамда белгиленген тартипте тараптардын эркин жана өз ара макулдугу аркылуу эркек жана аялдын ортосундагы тең укуктуу жана ыктыярдуу баш кошуусу жазылган.

Никеге туруу үчүн эркек менен аялдын макулдугу жана алардын нике куракка жетиши (18 жаш) зарыл экени баса белгиленет.


sputnik