Коронавирус психикалык ден соолукка кандай таасир этери аныкталды

8 апреля 2021 Коронавирус психикалык ден соолукка кандай таасир этери аныкталды

Коронавирус жуктурган ар бир үчүнчү бейтап жарым жылдан кийин психикалык жана нервдик оорулар менен жабыркайт. Мындай пикирге АКШ менен Улуу Британиянын окумуштуулары келгенин "Известия" Lancet Psychiatry журналына таянуу менен жазды.

Ири изилдөөгө COVID-19 менен ооруп айыккан 236 миң бейтап катышкан. Адистер алар вирус жуктургандан алты айдан соң психикалык жана нервдик 14 түрдүү илдетке туш болгонун аныкташкан.

Изилдөөгө катышкандардын көбү коркуп, тынчы кетип, ачууга тез алдырып жатканын айткан. Ошондой эле сасык тумоо же башка дем алуу органдарынын оорусуна караганда коронавирус менен күрөшкөндөрдүн мээсинин функциясы эрте бузулары аныкталган.


sputnik