Касымалиева: Баш мыйзамды караганда чогуласыңар, адам өлсө кайдыгерсиңер! Видео

8 апреля 2021 Касымалиева: Баш мыйзамды караганда чогуласыңар, адам өлсө кайдыгерсиңер! Видео

Вице-спикер Аида Касымалиева учурда кылмыштуулук өсүп жатканын белгилеп, Ички иштер министрлиги эмне менен алектенип жатканына кызыкты. Ошондой эле ал Айзаданын өлүмү боюнча маселеге депутаттар дагы көңүлкош карап жатканына ызаланды.

"Милиция "биз бала, кыз менен да байланышканбыз, кийин телефону өчүп калды" деп жатат. Бул ойго келбеген шалаакылык. Бир чабан таап аткандан кийин ИИМ оңой эле аныктап койсо болмок. Парламентте Баш мыйзымды өзгөртүүнү, шайлоо боюнча мыйзамдарды карап жатканда зал толо баарыңыздар келесиздер. Бирок адам өлүп жатса, көңүл кош карайсыздар же унутулуп калат. Муну парламент көзөмөлгө алып акырына чейин чыгыш керек. Эртең менен президент, премьер-министрдин дагы реакциясын күткөм. Ички иштер министри калп айтып отурбастан бул жерге келип маалымат берсин", — деди Касымалиева.

Ошондой эле ал арыз кайсы милицияга түшүп, эмне себептен издебегенин аныктап, тиешелүү кызматкерлерди жоопко тартууну талап кылды.

Мындан сырткары, өлкөдө кылмыштуулук өсүп жатканына тынчсыздануусун билдирди.

"Абактан кимдер ырайым, мунапыс менен чыгып жатат, ошону билишибиз керек. Себеби жеке турак жайларга күндүз эле уурулукка киргендер көбөйдү. Кылмышкерлер үйгө кирип тоноп кеткенден да коркпой калышты, себеби милиция аларды кармабайт. Эмне кылмышкерлер менен сүйлөшүп алышканбы?" — деди вице-спикер.


sputnik