Бишкектен кыз ала качууга катыштыгы бар деген шектүүнүн бири кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Эске салсак, 5-апрель күнү эртең менен саат 7:30дар чамасында Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде үч бала 27 жаштагы кызды кызыл түстөгү унаага салып кеткен. Бул учур ошол жердеги кафенин видео байкоосуна тартылып калган. Бүгүн, 7-апрелде, милиция тарабынан изделип жаткан автоунаа Чүйдөгү Арашан менен Чокморов айылдарынын ортосунан табылган. Автоунаанын ичинен киши колдуу болгон кыздын жана 36 жаштагы кишинин бычакталган сөөгү табылган.
Милициянын ыкчам-тергөө тобу тарабынан кызды ала качууга катыштыгы бар деген адамдар изделип, жыйынтыгында 29 жаштагы Р.А. аттуу шектүү кармалган. Ал тергөө кызматына жеткирилип, Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Күч органдары учурда дагы эки шектүүнүн жүргөн жерин аныктап, кармоо боюнча ыкчам-издөө иш-аракеттери жүрүп жатканын билдирди.
Белгилей кетсек, кыздын туугандары аны 5-апрелде эле издеп башташкан. Биринчи май райондук милицияга арыз жазып, бирок издөө иштери кечеңдеп жатканына нааразы болушкан.