Бишкектен ала качып кетти деген кыз менен шектүү кишинин сөөгү табылды

7 апреля 2021 Бишкектен ала качып кетти деген кыз менен шектүү кишинин сөөгү табылды

Бишкекте белгисиз адамдар ала качып кеткен кыздын сөөгү ордо калаадан анча алыс эмес жерден табылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы кабарлады.

Белгилей кетсек, окуя 5-апрель күнү эртең менен саат 7:30дар чамасында Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Кыздын эжесинин айтымында, үч бала сиңдисин кызыл түстөгү унаага салып кеткен. Бул учур жанындагы кафенин видео байкоосуна тартылып калган.

ВИДЕО

Аталган факт боюнча Жазык кодексинин 175-беренеси ("Адамды никеге туруу максатында уурдоо") боюнча бирдиктүү реестрге каттоого алынып, милиция аны эки күндөн бери издеп жаткан.

"7-апрель күнү болжол менен саат 14:30дар чамасында Аламүдүн РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Арашан менен Чокморов айылдарынын ортосунда автоунаанын ичинен аял менен эркектин сөөгү табылганы тууралуу маалымат келип түшкөн", — деп жазылат кабарда.

Жерине ыкчам-тергөө тобунун кызматкерлери барып, буга чейин кызды ала качып кетти деп изделип жаткандардын Honda Civic үлгүсүндөгү автоунаасын аныкташкан.

"Автоунаанын ичинде зомбулук менен өлтүрүлгөн 27 жаштагы кыздын сөөгү жана бычакталган 36 жаштагы кишинин сөөгү табылган. Жергиликтүү чабан автоунааны 5-6-апрель күндөрү эле көргөнүн айтып, бирок маани бербегенин билдирген. Ал 7-апрелде гана автоунаанын жанына барып, салондун ичинен эки адамдын сөөгүн көрүп дароо милицияга чалган", — деп айтылат билдирмеде.

Милициянын алдын ала божомолу боюнча, 36 жаштагы киши уруш-талаштан кийин кызды муунтуп, андан кийин өзүн бычактап, өмүрүн кыйган.

Учурда ишти акыйкат жана ар тараптан иликтөө үчүн тергөө жүрүп жатканы айтылды. Соттук-медициналык экспертиза да дайындалган. Милиция кошумча маалымат берилерин билдирди.


sputnik