Президент Жапаров Айзаданын өлүмү боюнча үн катты

8 апреля 2021 Президент Жапаров Айзаданын өлүмү боюнча үн катты

Айзада Канатбекованын ишин жеке көзөмөлүмө алам. Бул иш аягына чыгарылышы зарыл жана жазасы сөзсүз болот. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров өзүнүн Facebook баракчасы аркылуу айтты.

Мамлекет башчысы кыз ала качуу, зордоп кармоо менен аларды эркине койбой никеге турууга мажбурлоо ар дайым трагедияга алып келерин белгилеген.

"Айзада Канатбекованын ала качылгандыгы жана анын өлүмү жөнүндө кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Коомубузда кыздарды мажбурлап никеге тургузуу дагы деле болуп жатканы кабыл алынгыс көрүнүш. Айзаданын башына келген окуя анын үй-бүлөсү үчүн гана эмес, биздин жалпы мамлекетибиз үчүн чоң трагедия. Ала качууга жана жарандарды күч менен кармоого салым кошкондор үчүн кечирим жок. Айзада Канатбекованы ала качып, ага ушунчалык ырайымсыз мамиле кылган кайгылуу окуя тарыхта ала качуунун акыркысы болушу керек", — деди Жапаров.

Президент кыз ала качуу аракеттерин көрүп калган Кыргызстандын бардык жарандарын кайдыгер болбоого чакырды. Мамлекет башчысы Айзада Канатбекованын үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтты. "Белиңиздерди бекем бууңуздар. Бул каргашалуу окуяга түздөн-түз катышкандар мыйзам чегинде катуу жазаланат", — деди ал.


sputnik