Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Россиянын премьер-министринин орун басары Алексей Оверчукту кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
22 сентября 2020Кыргызстанда акыркы суткада коронавирус инфекциясынан 114 бейтап айыгып чыкты, ошол эле учурда 71 киши жуктурду. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
22 сентября 2020Россия менен Казакстандын ортосунда туруктуу авиакаттамдар жанданганына карабастан Кыргызстандын эмгек мигранттары үчүн эки мамлекеттин чек арасы аркылуу транзиттик коридорлор уюштурула бермекчи. Бул тууралуу КРдин Россиядагы элчилиги билдирди.
22 сентября 20202009-жыл. 16-апрель. Бул күнү Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районундагы Райкомол айылында жүрөк үшүн алган жаратылыш кырсыгы катталган. Бир түндө жер көчүп, 16 адамдын өмүрүн жалмаган. Алардын арасында бир жашка чыга элек ымыркай да бар эле.
21 сентября 2020Кыргызстандын "Манас" жана "Ош" аэропорттору аркылуу учактар чет мамлекеттерге каттай баштады. Республикалык ыкчам штаб каттамдардын тизмесин жарыялады.
21 сентября 2020КРдин Жогорку Совети 1991-жылдын 31-августунда Кыргызстандын мамлекеттик көз карандысыздыгы жөнүндө декларацияны кабыл алган. Ага ылайык, өлкө көз карандысыз, эгемендүү, демократиялык мамлекет деп жарыяланган.
21 сентября 2020Коронавируска каршы амбулатордук дарыланууда колдоно турган арепливир препараты Москванын дарыканаларына чыкты. Бул туурасында РИА Новости жазды.
21 сентября 2020"Аэрофлот" компаниясы Москва — Бишкек каттамы үчүн билет сата баштады. Учактын рейси 23-сентябрга белгиленген. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
21 сентября 2020Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер жана учурдагы эл өкүлү Эльвира Сурабалдиеваны Аскер прокуратурасы суракка чакырды. Бул маалыматты депутат өзү тасыктады.
21 сентября 2020Шайлоонун үгүт ишинде массалык мушташтын чыгышына жол берген Араван райондук ички иштер бөлүмүнүн начальниги Сактан Исмаилов кызматтан алынып, бир катар кызматкерлер тартип жазасына тартылды. Бул туурасында Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
21 сентября 2020Бул окуя боюнча Жазык кодексинин 266-беренесинин 2-бөлүгү ("Жашы жете электер 2 жыл 6 айдан 4 жылга чейин, ал эми чоңдор 5 жылдан 7 жыл 6 айга чейин эркинен ажыратылат") менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.
21 сентября 2020Маалыматка караганда, жыйындагы чырдан кийин «Мекеним Кыргызстандын» бир нече тарапкери ооруканага жеткирилген. Алардын бири Ош аймактык ооруканасында оор абалда жатат.
21 сентября 2020Россияга барууну каалаган кыргызстандыктар коронавируска тапшырган тести терс жыйынтык көрсөткөнү тууралуу маалым катын көрсөтүшү керек. Бул тууралуу КРдин РФтеги элчилиги кабарлады.
20 сентября 2020Бүгүн белгилүү саясатчы, коомдук жана мамлекеттик ишмер Султан Ибраимовдун туулган күнү. Союз учурунда бир топ жогорку кызматта иштеп, жасаган эмгеги менен элдин эсинде калган инсандын көзү тирүү болгондо быйыл 93 жашка чыкмак.
20 сентября 2020Ага ылайык, кайра шайлоо өткөрүлгөн учурда иш-аракеттери шайлоону жараксыз деп таануу үчүн негиз болгон талапкерлер кайрадан шайлануучу укугуна ээ боло албайт.
20 сентября 2020Үстүбүздөгү жылдын 21-сентябрынан тарта Бишкек — Москва аба каттамы такай жума күнү аткарылмай болду. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдиришти.
20 сентября 2020Өткөн суткада медиктердин арасынан тогузу коронавирусту илештирип алган. Алардын төртөө Баткен облусунда, төртөө Ошто, бирөө Жалал-Абадда.Ошол эле учурда 15 медик ооруну жеңип чыкканы айтылды.
20 сентября 2020“Улуттук банктын башкармалыгынын 2019-жылдын 30-сентябрындагы токтомуна ылайык, 2020-жылдын 1-октябрынан тарта коммерциялык банктарга идентификацияланбаган электрондук капчык ээлерине кызмат көрсөтүүгө тыюу салынат”, — дешти Улуттук банктан.
20 сентября 2020Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүнкү жыйынында Жумабековдун өзүнө дагы эмес, ал талапкер катары аттанып жаткан “Кыргызстан” партиясына эскертүү берүү чечимин кабыл алды.
18 сентября 2020Бодо мал менен майда жандыкты Өзбекстанга экспорттоого тыюу салуу боюнча чечим кабыл алынган эмес. Бул тууралуу экономика министри Санжар Муканбетов билдирди.
18 сентября 2020орбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер, учурдагы спикер Дастан Жумабеков "административдик ресурс колдонгон" деген корутунду чыгарып, БШКнын кароосуна киргизди. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаева билдирди.
18 сентября 2020Шайлоочу кайсы саясий партия же талапкер үчүн добуш бергенин билүү мүмкүн эмес. Бул тууралуу БШКнын башчысынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.
18 сентября 2020Ноокат районунун Күндүү Дөбө айылында Ак-Буура дарыясына кулаган Hyundai Porter үлгүсүндөгү автоунаанын ичиндеги бир кишинин сөөгү табылып, төрт жашар баланы издөө уланууда. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
18 сентября 2020Мындан эки күн мурда кармалган Саламаттык сактоо министрлигинин мурдагы жетекчиси Космосбек Чолпонбаевду бүгүн Биринчи май райондук соту №1 тергөө абагына киргизүү боюнча чечим чыгарды. Бул туурасында Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашты.
17 сентября 2020КРдин эл артисти, белгилүү композитор Калыйбек Тагаев 80 жашында бул дүйнө менен кош айтышты. Залкар инсан 18-сентябрь күнү жерге берилет.
17 сентября 2020Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековду жана "Кыргызстан" партиясы боюнча маселени Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу карап жатат. Бул тууралуу БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.
17 сентября 2020Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында коррупция менен күрөш уланарын баса белгиледи. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
17 сентября 2020аламаттык сактоо министрлиги сасык тумоого каршы эмдөө жүргүзө турган менчик медициналык борборлордун тизмесин расмий сайтына жарыялады.
17 сентября 2020Республика Өзбекстан (11-сентябрь) жана Кыргызстан (20-сентябрь) менен авиакаттамын жандантканы жатат. Мындан улам коңшу өлкөгө эми учак аркылуу гана барууга болот. Ал эми жөө же унаа менен кирүүгө уруксат жок.
17 сентября 2020Сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекцияга каршы эмдөө адамдын ооруларга карата иммунитетин жогорулатып, илдеттин күчөп кетишин алдын алат. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтылганын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
17 сентября 2020Партиялардын шайлоо фондуна кимдер акча которуп, ал каражат кайда жумшалып жатканы туурасында кенен маалымат БШКнын сайтына жарыяланган.
17 сентября 2020Кечээ, 15-сентябрь күнү, Жалал-Абад облустук милициясы жеке фирмаларга, бизнесмендерге кол салып, тоноп жүргөн кылмыштуу топту колго түшүрдү. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
16 сентября 2020Алардын айтымында, Тагаев көптөн бери ооруп жүргөн. Жакында эле ооруканадан чыгарылып, үйүндө төшөктө жатканы кошумчаланды.
16 сентября 2020Эгер жарандардын добушун талапкер өзү же анын жубайы же жакын тууганы, болбосо ыйгарым укуктуу өкүлү сатып ала турган болсо, аларга V категориядагы айып салынат же I категория боюнча эркинен ажырайт.
16 сентября 2020