Ноокатта сууга кулаган автоунаадагы бир киши табылып, 4 жашар бала изделүүдө

18 сентября 2020 Ноокатта сууга кулаган автоунаадагы бир киши табылып, 4 жашар бала изделүүдө

Ноокат районунун Күндүү Дөбө айылында Ак-Буура дарыясына кулаган Hyundai Porter үлгүсүндөгү автоунаанын ичиндеги бир кишинин сөөгү табылып, төрт жашар баланы издөө уланууда. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Окуя 14-сентябрда Ак-Терек — Папан — Кожокелең жолунда болгон. Машинанын ичиндеги үч адамдын бирөө тирүү калып, 64 жаштагы киши менен төрт жаштагы бала көз жумган.

"Кечээ, 17-сентябрь күнү, ӨКМдин 19 куткаруучусу тартылып, түштөн кийин эркек кишинин сөөгүн таап, туугандарына өткөрүп берди", — деп жазылат маалыматта.

Министрликтен бүгүн кичинекей баланын сөөгүн издөө иштери улантыларын билдирди.

sputnik