Курсан Асановдун иши боюнча Эльвира Сурабалдиева суракка чакырылды

21 сентября 2020 Курсан Асановдун иши боюнча Эльвира Сурабалдиева суракка чакырылды

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер жана учурдагы эл өкүлү Эльвира Сурабалдиеваны Аскер прокуратурасы суракка чакырды. Бул маалыматты депутат өзү тасыктады.

Ал суроого жооп берип жатып ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун иши боюнча күбө катары чакырылып жатканын айтты.

"Өткөн бейшемби күнү, 17-сентябрда, Аскер прокуратурасынан телефон чалып жума күнкүгө чакырды. Тергөөчү Курсан Асановдун иши боюнча күбө катары сураларымды айтты. Мен ал убакта алыскы региондордо үгүт иштери менен жүргөн болчумун. Бизде азыр баары алдын ала пландалып, ар бир мүнөтүбүз графикке коюлган. Андыктан мен эртеси эле дароо келе алган жокмун. Бирок кагаз түрүндө расмий чакыруу жиберген жок. Телефон аркылуу гана айтышкан", — деди Сурабалдиева.

Курсан Асановдун иши

Курсан Асанов "кыргыз милициясына чыккынчылык кылды, ишенимден кетти" деген негиз менен 2019-жылы 13-августта кызматтан бошотулган. Ага карата кылмыш иши козголуп, үй камагына алынган.

Асанов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда далил болчу буюмдарды жана маанилүү документтерди тергөө органдарынан жаап-жашырган деп айыпталууда. Мындан сырткары, министрге баш ийбей, өз алдынча чечим кабыл алган, атайын даярдыктагы аскерди мыйзамсыз түрдө айдоочу кылып дайындаган деген күнөө коюлган.

Кийинчерээк Башкы прокуратура Асанов жана анын өкүл баласы, "Чындык" гезитинин редактору Турсунбек Бейшенбеков мурдагы вице-премьер Жеңиш Разаковду каралаган деген айып таккан.

sputnik