Уктап жатканда атып кетишкен. Султан Ибраимов тууралуу 10 факты

20 сентября 2020 Уктап жатканда атып кетишкен. Султан Ибраимов тууралуу 10 факты

Бүгүн белгилүү саясатчы, коомдук жана мамлекеттик ишмер Султан Ибраимовдун туулган күнү. Союз учурунда бир топ жогорку кызматта иштеп, жасаган эмгеги менен элдин эсинде калган инсандын көзү тирүү болгондо быйыл 93 жашка чыкмак.

Согуш учурундагы тракторчу. Султан Ибраимов 1927-жылы 20-сентябрда Чүй аймагынын Алчалуу айылында жарык дүйнөгө келген. Элеттеги мектепте билим алып жүргөн кезинде Улуу Ата Мекендик согуш башталып калып, 14 жаштагы өспүрүм өзү курактуу балдар менен биргеликте таалада трактор айдап, колхоздо иштеп жеңишке өз салымын кошкон. 

Илимге талпынган Султан. Согуш аяктагандан кийин, 1946-жылы Фрунзе шаарындагы Гидромелиоратив техникумуна тапшырып, аны 1949-жылы артыкчылык менен аяктап, 1952-54-жылдары Ташкенттеги Ирригация жана айыл чарбасын механизациялоо инженердик институтунда билим алган. Мекенине кайтып келгенден кийин Кыргыз ССРинин илимдер академиясынын Энергетика жана суу чарба институтунда иштей баштаган.

Саясаттагы жаш окумуштуу. 1950-жылдардын соңунда Кыргызстан коммунисттик партиясынын Борбордук комитетине чакыртылат. Ал жакта бир катар бөлүмдөрдө иштеп, саясатка жана республиканын чарбалык иштерине аралаша баштаган. 1960-жылы Исхак Раззаков аны Аламүдүн райкомунун экинчи катчысы кылып дайындаган. 

34 жаштагы министр. 1961-жылы жаңы кызматка келген Кыргызстан Коммунистик партиясынын борбордук комитетинин биринчи катчысы Турдакун Усубалиев Кыргыз ССРинин Суу чарба министри кызматына 34 жаштагы Ибраимовду коет. Ал жылдары республика аймагында жүрүп жаткан ири гидроэнерегетикалык, ирригациялык курулуштардын, суу боюнча бир катар илимий мекемелердин ачылышынын башында турган. Алардын арасында Токтогул ГЭСи, суу сактагычы да бар.

Бардык тепкичтерди басып өткөн жетекчи. 1968-78-жылдары Ош обкомунун биринчи катчысы болот. Андан соң Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин президиумунун төрагасы, 1978-80-жылдыры Министрлер советинин төрагасы болгон. Көрүнүктүү мамлекеттик ишмер кайсы жогорку кызматта болбосун, айыл-кыштакты кыдырып, эл ичинде жүргөн эмгекчил, ишинин майын чыгарган жектекчи болгонун көпчүлүк замандаштары азыркыга чейин эстеп келишет. 

Сын айтуудан коркпогон Ибраимов. Саясатчы жана коомдук ишмер жогорку партиялардын форумунун трибунасынан дагы жалпы союздук министрликтерди сындоодон коркпогон киши болгон. Бир жолу Москвадагы сессиядан Леонид Брежневдин көзүнчө жалпы союздук министрди сынга алган. Анын сөзүнөн кийин бир топко чейин чымындын үнү угулган тынчтык өкүм сүрүп калганы айтылып келет. Ал убакта жогору жактагыларга антип сын-пикир айтуу өтө кооптуу кадам эле.

Бир фляга кымыз. Чоң кызматта отурган жетекчиге кошоматтануу Совет доорунда да болуп келген. Бир жолу тааныбаган эле бирөө бир койдун этин бир фляга кымызы менен Ош обкомунун биринчи катчысынын үйүнө таштап кетет. Анда аялы мектепте, Султан Ибраимов жумушунда. Кечинде жумушунан келген облустун жетекчиси аны көрүп, эт, кымыз алып келген адамдын аты-жөнүн иликтеп, айдоочусунан кайра бердирип жиберген экен. 

Табышмактуу өлүм. Султан Ибраимовдун кыздарынын биринин айтуусунда, атасынын ден соолугу үчүн "кам көргөндөр" 1980-жылдын акыркы айларында аябай көбөйгөн. Жанында жүргөндөр "жумуш кайда качмак эле, дем алып келиңиз" дешип, бир жума мурда эле эс алуудан кайтканына карабастан, кайра Ысык-Көлгө узатышкан. Ибраимов аялы жана небереси менен Чолпон-Атадагы мамлекеттик резиденцияга келгенде аларды бир гана кызматчы тосуп чыккан. Резиденцияда башка кызматкерлер, жок дегенде күзөтчүлөрдөн эч кимиси болгон эмес. Күзөтчүлөр, жан сакчылар эртеси, Султан Ибраимов айдоочусу менен кошо атып өлтүрүлгөндөн кийин гана келген. Расмий маалыматтар боюнча, 53 жашында аны Ысык-Көлдүн жээгиндеги мамлекеттик дачада атып кетишкен.

Кеч ыйгарылган наам. Султан Ибраимовго Кыргыз Республикасынын Баатыры наамын берүү демилгесин Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев 2014-жылы көтөрүп чыккан. Парламенттин 2014-жылдын 17-декабрь күнкү жыйынында айтылган сунуш эл өкүлдөрү тарабынан колдоого алынып, беш жылдан кийин гана "Ак Шумкар" өзгөчө белгиси менен Кыргыз Республикасынын Баатыры эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылган. 

Мыкты уул-кыздардын атасы. Кыргыз ССРинин өкмөт башчысы болочоктогу келинчеги Рева менен студент кезде сүйлөшүп жүрүп баш кошкон. Жаш жубайлар жаңы үйлөнгөндө борбор калаада эскирген кепеде түтүн булаткан. Анда Султан Ибраимов кенже илимий кызматкер болуп иштечү. Бир күнү ал турак жайы урап калып, экөө тун кызы менен алачыкта жашап жүрүп батирге жеткендигин кыздары эскерет. Түгөйлөр узак убакыт бирге түтүн булатып эки уул, үч кызды тарбиялап чоңойткон. Улуу кызы Айнура Ибраимова саламаттык сактоо тармагында көп жыл иштеп, учурда эл аралык долбоорлорду ишке ашырып келет. Экинчи кызы Гүлмира Ибраимова журналист. Кенже кызы Элмира Ибраимова —  коомдук ишмер . Буга чейин ал Жогорку Кеңештин депутаты болуп, Эсеп палатасын төрт жылдай жетектеген. Эркектердин улуусу Эрмек — дипломат. Кыргызстандын Австрия, Чехия, Словакия, Венгрия жана Польшадагы элчиси болуп иштеген. Андан сырткары, Венадагы бир катар эл аралык уюмдарда өкүл болгон. Азыркы маалда дипломатия тармагынан кеткен. Кичүү уулу Айбек Ибраимов болсо борбор калаада дарыгер.

sputnik