Араванда үгүт учурунда мушташтан 12 адам ооруканага түшүп, 10у сурак берүүдө

21 сентября 2020 Араванда үгүт учурунда мушташтан 12 адам ооруканага түшүп, 10у сурак берүүдө

Ош облусунун Араван районунда саясий партиянын үгүт иштерин өткөрүү маалында жаңжал чыгып, 12 адам жаракат алды. Бул туурасында Ош облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, кечээ, 20-сентябрда, саат 19:15те Араван РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө райондун Юсупов айыл өкмөтүнө караштуу Араван айылында белгисиз адамдар мушташып жатканы кабарланган.

Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине саат 19:42де катталган.

"Алгачкы текшерүүдө саат 18:30дар чамасында айылда 100 чакты адамдын катышуусунда саясий партиянын талапкери үгүт ишин өткөрүүгө элди чогулткан. Ошол маалда белгисиз себептерден улам чыр чыккан. Натыйжада 20-сентябрь күнү саат 21:30га карата Араван райондук ооруканасына 11 жаран, Ош шаардык ооруканасына бир адам ар кандай жарааты менен кайрылышкан. Мындан сырткары, беш автоунаа талкаланган", — деп айтылат билдирүүдө.

Бул окуя боюнча Жазык кодексинин 266-беренесинин 2-бөлүгү ("Жашы жете электер 2 жыл 6 айдан 4 жылга чейин, ал эми чоңдор 5 жылдан 7 жыл 6 айга чейин эркинен ажыратылат") менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Учурда мушташкан 10 жаран кармалып сурак берип жатат. Жаңжалдан жаракат алган 12 адам ооруканада. Жакынкы убакта алар да суракка алынат. Тергөө кызматы тарабынан соттук-медициналык экспертиза дайындалып, келтирилген чыгым эсептелүүдө. Мушташ чыгарган жарандарга карата катуу чара көрүлөрү белгиленди.

"Урматтуу Жогорку Кеӊештин депутаттыгына талапкерлер, шайлоочулар менен жолугушуу болорун алдын ала коомдук тартипти көзөмөлдөө боюнча ички иштер органдарына кабарлап коюуну суранабыз. Бул окуяда эл чогулткан талапкер жолугушуу өтчү жери жана убактысы туралуу маалымдаган эмес, — деп кайрылды милиция.

Ошону менен катар шайлоо мыйзамдарын бузгандар катуу жазалана турганын эскертти.

sputnik