Оорудан сактайт. Республикалык штаб элди эмдөөдөн өтүүгө чакырууда

17 сентября 2020 Оорудан сактайт. Республикалык штаб элди эмдөөдөн өтүүгө чакырууда

Сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекцияга каршы эмдөө адамдын ооруларга карата иммунитетин жогорулатып, илдеттин күчөп кетишин алдын алат. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтылганын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Саламаттык сактоо министрлигинин билдириши боюнча, сезондук гриппке каршы эмдөө үчүн вакцина өлкөгө алып келине баштады.

"Эмдөө тобокелчилик тобуна кирген адамдарга (Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги берген тизмеге ылайык) — өнөкөт оорусу барларга, кош бойлууларга, балдар үйүнүн тарбиялануучуларына, карылар үйүндөгүлөргө, мектеп-интернаттагы балдарга, медицина кызматкерлерине жана 65 жаштан жогорку курактагыларга ыктыярдуу түрдө акысыз жүргүзүлөт. Учурда вакциналар аймактарга жеткирилүүдө. Жарандар бардык үй-бүлөлүк медицина борборлорунда эмделет", — деп айтылат маалыматта.

Эмдөө иштерин кынтыксыз уюштуруу боюнча жергиликтүү бийликке жана тийиштүү мамлекеттик органдарга тапшырмалар берилди.

sputnik