БШК: көпчүлүк “баарына каршы” добуш берсе да ушул партиялар кайра шайлоого катышат

20 сентября 2020 БШК: көпчүлүк “баарына каршы” добуш берсе да ушул партиялар кайра шайлоого катышат

Эгер парламенттик шайлоодо “баарына каршы” графасына добуш бергендер көп болуп чыга турган болсо кайрадан ушул эле партиялар, азыркы тизмедеги талапкерлери менен шайлоого катышат алат. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кайрат Осмоналиев билдирди.

Белгилей кетсек, мыйзам боюнча бир дагы партия жети пайыздык босогодон жогорку добуш ала албаса жана “баарына каршы” графасы биринчи сапка чыкса, кайрадан шайлоо өткөрүлөт.

Соңку убакта социалдык тармактарда баарына каршы добуш берүүгө активдүү үгүттөгөндөр болууда. Алар эгер “баарына каршы” графасы биринчи орунга чыкса, кайра шайлоо өтүп азыркы партиялар ага катыша албай турганын айтып келишкен.

“Азыркы жана башка партиялар кайрадан катышууга укуктуу болот. Ошондой эле талапкерлердин тизмесин да өзгөртө алышат. Кайра шайлоо өткөрүү дайындалганда катышууну каалаган бардык партиялар арыз жазып, кайра башынан БШКдан каттоодон өтөт”, — деди Осмоналиев.

Ошондой эле ал “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Конституциялык мыйзамдын 38-беренесинде партияларга тиешелүү эреже жазылганын белгиледи.

Ага ылайык, кайра шайлоо өткөрүлгөн учурда иш-аракеттери шайлоону жараксыз деп таануу үчүн негиз болгон талапкерлер кайрадан шайлануучу укугуна ээ боло албайт.

Эгерде мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, шайлоо комиссиясынын кызматкерлеринин чечимдери шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тааныса, биринчи турдагы шайлоого катышкан партиялардын баары жана башкалары катыша алат.

Учурда Жогорку Кеңештин депутаты мандатын алууга 16 партия ат салышууда. Шайлоо 4-октябрга дайындалган.

sputnik