COVID-19га каршы арепливир дарысы Москвада сатыкка чыкты

21 сентября 2020 COVID-19га каршы арепливир дарысы Москвада сатыкка чыкты

Коронавируска каршы амбулатордук дарыланууда колдоно турган арепливир препараты Москванын дарыканаларына чыкты. Бул туурасында РИА Новости жазды.

"Арепливирдин бир таңгакчасынын салмагы 200 мг., ичинде 40 таблетка бар. "Братиславская" метросунда сатылып жатат", — деп билдирген "Столички" деп аталган дарыканалар тармагындагы колл-борбордун оператору.

Дарынын баасы 12 320 рубль турары, рецепт менен гана сатыла тургандыгы айтылды.

sputnik