Шайлоочу кимге добуш бергенин партиялар текшере алабы? БШКнын жообу

18 сентября 2020 Шайлоочу кимге добуш бергенин партиялар текшере алабы? БШКнын жообу

Шайлоочу кайсы саясий партия же талапкер үчүн добуш бергенин билүү мүмкүн эмес. Бул тууралуу БШКнын башчысынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

Эске салсак, 4-октябрда Жогорку Кеңешке шайлоо болот. Социалдык тармактын колдонуучулары партиялар кимге добуш берилгенин текшере аларын сурап жатышат.

"Партиялар добуш кимге берилгенин эч биле алышпайт. Мындай мүмкүнчүлүк шайлоо комиссияларында да жок. Шайлоочу кабинага өзү жалгыз кирип добуш берет. Муну эч ким көзөмөлдөй да, текшере да албайт. Мындан сырткары, автоматтык түрдө эсептөөчү үкөктөр добуш берүүнүн купуялуулугун толук камсыздай алат", — деди Бекматов.

Ошол эле учурда шайлоочуларды сатып алгандарга, добушун саткандарга жаза каралган.

sputnik