Москва — Бишкек каттамы үчүн билеттер сатыла баштады. Рейстин датасы

21 сентября 2020 Москва — Бишкек каттамы үчүн билеттер сатыла баштады. Рейстин датасы

"Аэрофлот" компаниясы Москва — Бишкек каттамы үчүн билет сата баштады. Учактын рейси 23-сентябрга белгиленген. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Эске салсак, буга чейин Россиянын коронавирустун жайылышына каршы күрөшүү боюнча ыкчам штабы 21-сентябрдан тарта Кыргызстан, Казакстан жана Беларусь менен аба каттамын жандантуу чечимин кабыл алган. 

Ал эми Кыргызстандын Россиядагы элчилиги каттамдар жумасына эки ирет "Аэрофлот" жана "Авиа Траффик" компаниялары аркылуу аткарылып турарын маалымдаган.

sputnik