Президент Сооронбай Жээнбеков импичмент маселесин Жогорку Кеңештин төрагасы Мыктыбек Абдылдаев менен талкуулады. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат катчысы Толгонай Стамалиева билдирди.
8 октября 2020Ички иштер министринин милдетин аткаруучу жана Бишкек шаарынын коменданты Курсан Асанов массалык башаламандык учурунда жарадар болгон кызматкерлердин акыбалын көрдү. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
8 октября 2020Нааразычылык акциясынын катышуучулары бул тынчтык митинги экендигин билдиришкен. Алар "Легитимдүү президент Сооронбай Жээнбеков!", "Бизге стабилдүүлүк жана мыйзамдуулук керек!", "Мамлекет укуктук талаага кайтсын!" деген жазуусу бар плакаттарды көтөрүп чыгышты.
8 октября 2020Эске салсак, 5-октябрда "Ала-Тоо" аянтында парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор митинг өткөргөн. Кийинчерээк чогулгандар Ак үйдү басып алууга аракет кылып, жыйынтыгында милиция менен болгон кагылышууда 686 киши жабыркаган.
8 октября 20202019-жылы издөө жарыяланган Мухаммед-Али Асанов Кыргызстанга кайтып келди. Бул тууралуу анын атасы, ИИМ башчысынын милдетин аткарып жаткан Курсан Асанов маалымат жыйында билдирди.
8 октября 2020Жапаровдун 400гө чукул тарапташы аны колдоо максатында митингге чыкты. Аларга мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдойбуз деген топ жакындап келди. Топтолгондор алгач айтышып, андан соң урушуп кетишти.
8 октября 2020Буга чейин "Бүтүн Кыргызстан" партиясы менен парламенттик шайлоого катышкан Субаналиев учурда саясаттан сырткары экенин билдирип, саясий жарышка катышпай турганын белгиледи.
8 октября 2020Анын айтымында, ал жерге түнү менен боз үйлөрдү алып келишип, азыркы тапта бешөөнү тигип бүтүштү. Боз үйлөрдүн артына тамактанууга ылайыкташтырып столдор коюлган.
8 октября 2020Эске салсак, парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл митингге чыккандан кийин, 6-октябрда Азиз Суракматов кызматтан кетүү боюнча арызын жазган. Бирок ага шаардык кеңештин депутаттары кол кое элек болчу.
8 октября 2020Кыргызстанда премьер-министрдин укугу кеңири, мындан улам аны дайындоо процедурасы кынтыксыз эрежелердин негизинде ишке ашуусу кажет. Редакция "Жогорку Кеңештин регламенти тууралуу" мыйзамын карап, так болуш үчүн жайында өкмөттү жетектей баштап, 6-октябрда отставкага кеткен Кубатбек Бороновду дайындоо процедурасын мисал келтирди.
8 октября 2020Жогорку Кеңеш депутаттарынын өлкөдөгү абал жана президент Сооронбай Жээнбековго импичмент жарыялоо мүмкүндүгү талкууланган жолугушуусу үзгүлтүккө учурады.
8 октября 2020Ошондой эле Асанов мурдагы ишмердүүлүгү, Алмазбек Атамбаевди кармоо учурундагы негизги "катасы" тууралуу ачык айтты.
8 октября 2020Митингде микрофон, сөз талашып улам ызы-чуу чыгууда. Жаштар саясатта көп убакыттан бери жүргөн адамдарды трибунага жакын жолотушкан жок.
7 октября 2020Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү саясий кырдаалга байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.
7 октября 2020Путин шайлоодон кийинки кырдаал аны тынчсыздантып жатканын жана конфликт тынчтык жолу менен чечилерине үмүт артып жатканын белгилеген.
7 октября 2020Президент Сооронбай Жээнбеков учурда Бишкек шаарында. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат катчысы Толгонай Стамалиева билдирди.
7 октября 2020Алар президентке импичмент жарыялап, бийликке жаштардын келишин талап кылышууда. Сөзгө чыккандар 4-октябрда өткөн шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу ийгилиги жаштарга таандык экенин белгилешти.
7 октября 2020Белгилей кетсек, "Чоң казат" партиясынын мүчөсү Сыймык Жапыкеев башкы прокурордун милдетин аткарып жатса, Жаркынбек Касымбеков саламаттык сактоо министринин ордун ээлеп алган.
7 октября 2020Садыр Жапаровдун премьер-министр болушун тааныбайбыз. Бул тууралуу жаңы түзүлгөн дагы бир Координациялык кеңештин мүчөлөрү маалымат жыйын учурунда билдиришти.
7 октября 20201. Саат 20.00гө жакын Жогорку Кеңештин депутаттары Садыр Жапаровду жаңы премьер-министр кылып дайындашты. Ал юридикалык жактан өкмөт башына келе алар-албасын азырынча так айта албайбыз. Баса, мурдагы премьер Кубатбек Боронов ушул эле кечте отставкага кетти.
7 октября 2020Бишкекте өкмөт үйүнүн алдына Садыр Жапаровдун премьер-министр болушуна жана бийликке кайрадан эски саясатчылардын келишине каршы болгон топ митингге чыкты.
7 октября 2020Жогорку Кеңештин депутаттарынын кезексиз жыйынына кворум жок болуп жаткандыктан, ал болбой калышы ыктымал. Бул тууралуу парламенттин маалымат катчысы Ибраим Нуракун уулу кабарлады.
6 октября 2020Мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев ден соолугуна байланыштуу "Форум" имаратынын алдына чогулган элге чыккан жок. Бул тууралуу анын тарапташы, мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков журналисттерге билдирди.
6 октября 2020"Сот тийиштүү чечим чыгаргандан кийин гана мыйзамдуу деп эсептелет. Мен азыр соттун ордуна жооп бере албайм да. Жеке пикиримде, коомчулуктун ишенимине кирген соттор дайындалып ошолор ишти карашы керек. Бул өтө маанилүү. Мен үчүн принципиалдуу түрдө маанилүү", — деди Исаков.
6 октября 2020Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон сегиз партиянын өкүлдөрүнөн түзүлгөн Координациялык кеңештин негизги максаты — учурдагы абалды жөнгө салуу. Бул туурасында аталган кеңештин төрагасы Адахан Мадумаров билдирди.
6 октября 2020Видеодон кепка кийген жигитке жанындагылар каалоо-тилек айтып жатканын угууга болот. Ал эми өзүн аким эсептеген киши шайлоодо партиялар форма №2 колдонуп, мыйзамсыз жеңишке жетишкенин айткан.
6 октября 2020Анын айтымында, жолугушууга "Бүтүн Кыргызстан", "Кыргызстан", "Мекеним Кыргызстан", "Биримдик" жана "Мекенчил" партияларынын лидерлери келген.
6 октября 2020Мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев менен экс-премьер-министр Сапар Исаков түштө "Форум" имаратында эл менен жолугушат. Бул тууралуу маалыматты алардын тарапташы Шаиста Шатманова тастыктады.
6 октября 2020"Мэрия имаратында элдик кошуундун өкүлдөрү жүрөт. Эч ким өзүнүн агрессиясын көрсөткөн жок. Абал тынч", — деди кабарчы.
6 октября 2020Эскерте кетсек, 5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор борбордук аянтка митингге чыгып, кагылышуу болгон. Натыйжада акцияга чыккандар Ак үйдү алып коюшкан. Ошондой эле аймактарда дагы митингдер уланууда.
6 октября 2020"Баары мыйзамдуу жол менен чечилиши керек. Бизде легитимдүү президент бар, ал өлкөгө мыйзамдуулукту орнотот", — деди Жээнбеков.
6 октября 2020Президент Сооронбай Жээнбеков учурда Бишкекте жүрөт. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат катчысы Толгонай Стамалиева билдирди.
6 октября 2020Андан Жээнбеков кырдаалды көзөмөлгө алып, саясий күчтөр өзүнүн кызыкчылыгын өлкөнүн кызыкчылыганан бийик коюп, коомду бөлүп-жарууга жол бербейт деген ишенимин билдирген.
6 октября 2020Саат 8.00гө карата саламаттык сактоо мекемелерине 590 киши кайрылган, анын 439у алгачкы жардам алгандан кийин амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн. 150 жабыраллануучу ооруканага жаткырылса, 13 бейтап реанимацияда.
6 октября 2020